https://sputnik.kg/20260721/nikege-tundukton-tursa-bolot-1102523569.html
Никени каттоо боюнча арызды эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берүүгө болот
Никени каттоо боюнча арызды эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берүүгө болот
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жарандар эми никени каттоого арызды "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. Бул тууралуу "Кызмат"... 21.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-21T15:16+0600
2026-07-21T15:16+0600
2026-07-21T15:16+0600
кыргызстан
"түндүк" тиркемеси
арыз
нике
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061710377_0:92:1619:1003_1920x0_80_0_0_7f0a59ff9176c2dfa23262633e570866.jpg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жарандар эми никени каттоого арызды "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалымдалгандай, арыз берүүчү "Түндүк" тиркемесинен "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Андан кийин экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлөт. Ал маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт. Эки тарап тең арызга электрондук кол тамга менен кол койгондон кийин документ автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт. Арыз каралып бүткөндөн кийин жыйынтыгы тууралуу билдирүү "Түндүк" тиркемеси аркылуу жөнөтүлөт. Жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.
https://sputnik.kg/20260707/zhaparovgo-kayryluu-zhenildedi-1102270314.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061710377_80:0:1539:1094_1920x0_80_0_0_018311645099334d72f343abb10de0ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "түндүк" тиркемеси, арыз, нике
кыргызстан, "түндүк" тиркемеси, арыз, нике
Никени каттоо боюнча арызды эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берүүгө болот
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жарандар эми никени каттоого арызды "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Маалымдалгандай, арыз берүүчү "Түндүк" тиркемесинен "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт.
Андан кийин экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлөт. Ал маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт. Эки тарап тең арызга электрондук кол тамга менен кол койгондон кийин документ автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт.
Арыз каралып бүткөндөн кийин жыйынтыгы тууралуу билдирүү "Түндүк" тиркемеси аркылуу жөнөтүлөт.
Жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.