https://sputnik.kg/20260720/germaniya-rossiyaga-mamilesin-ozgorttu-1102499769.html
ЖМК: Германия Россия менен сүйлөшүүлөргө мамилесин өзгөрттү
ЖМК: Германия Россия менен сүйлөшүүлөргө мамилесин өзгөрттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Германиянын Россия менен диалогго болгон мамилеси кыйла конструктивдүү боло баштады. Бул тууралуу Times басылмасы жазды. 20.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-20T10:41+0600
2026-07-20T10:41+0600
2026-07-20T10:41+0600
дүйнөдө
германия
россия
диалог
сүйлөшүү
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e6/06/14/1065391847_0:156:3087:1892_1920x0_80_0_0_d1753c36f91825a823deee3bb4ac3078.jpg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Германиянын Россия менен диалогго болгон мамилеси кыйла конструктивдүү боло баштады. Бул тууралуу Times басылмасы жазды. Макалада белгиленгендей, Германиянын Россия менен сүйлөшүүлөргө карата мамилесинде "маанайдын өзгөрүшү" байкалган, бирок алака-катыштын жолдорун кайра калыбына келтирүүгө багытталган иштер жетиштүү деңгээлде жөнгө салына элек демилгелер боюнча жасалып келген. Германиядагы оппозициялык саясатчылар Москва менен диалогду кайра жандандыруу зарылдыгын бир нече жолу айтышкан. Маселен, "Германия үчүн альтернатива" партиясынын теңтөрайымы Алиса Вайдель канцлер Фридрих Мерцти Россия менен үзүлгөн байланыштарды, анын ичинде энергетикалык кызматташтыкты калыбына келтирүү үчүн аракет көрүүгө чакырган. Ушундай эле позицияны "Сара Вагенкнехт союзу — Акыл жана адилеттик үчүн" партиясынын лидери да билдирген. РФ президенти Владимир Путин буга чейин сүйлөшүүлөрдөн Россия эмес, Европа баш тартканын айткан. Ал эми Евробиримдиктин атынан сүйлөшүүчү талапкер тууралуу суроого жооп берип жатып, өзү үчүн мурдагы Германия канцлери Герхард Шредер ылайыктуураак талапкер болмоктугун белгилеген. Ошол эле учурда Путин бул тандоо европалыктардын өзүнө тиешелүү экенин айтып, сүйлөшүүчү алардын ишенимине ээ болгон жана Россияга карата кескин билдирүүлөрдү жасабаган лидер болушу керек деген пикирин билдирген.
https://sputnik.kg/20260519/germaniya-zharandyk-korgonuuga-miliarddagan-evro-zhumshoo-niyetinde-1101397765.html
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/14/1065391847_177:0:2908:2048_1920x0_80_0_0_289754b11c69bee73e08cb6490b4e1b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, россия, диалог, сүйлөшүү, кызматташуу
дүйнөдө, германия, россия, диалог, сүйлөшүү, кызматташуу
ЖМК: Германия Россия менен сүйлөшүүлөргө мамилесин өзгөрттү
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Германиянын Россия менен диалогго болгон мамилеси кыйла конструктивдүү боло баштады. Бул тууралуу
Times басылмасы жазды.
Макалада белгиленгендей, Германиянын Россия менен сүйлөшүүлөргө карата мамилесинде "маанайдын өзгөрүшү" байкалган, бирок алака-катыштын жолдорун кайра калыбына келтирүүгө багытталган иштер жетиштүү деңгээлде жөнгө салына элек демилгелер боюнча жасалып келген.
Германиядагы оппозициялык саясатчылар Москва менен диалогду кайра жандандыруу зарылдыгын бир нече жолу айтышкан. Маселен, "Германия үчүн альтернатива" партиясынын теңтөрайымы Алиса Вайдель канцлер Фридрих Мерцти Россия менен үзүлгөн байланыштарды, анын ичинде энергетикалык кызматташтыкты калыбына келтирүү үчүн аракет көрүүгө чакырган. Ушундай эле позицияны "Сара Вагенкнехт союзу — Акыл жана адилеттик үчүн" партиясынын лидери да билдирген.
РФ президенти Владимир Путин буга чейин сүйлөшүүлөрдөн Россия эмес, Европа баш тартканын айткан. Ал эми Евробиримдиктин атынан сүйлөшүүчү талапкер тууралуу суроого жооп берип жатып, өзү үчүн мурдагы Германия канцлери Герхард Шредер ылайыктуураак талапкер болмоктугун белгилеген. Ошол эле учурда Путин бул тандоо европалыктардын өзүнө тиешелүү экенин айтып, сүйлөшүүчү алардын ишенимине ээ болгон жана Россияга карата кескин билдирүүлөрдү жасабаган лидер болушу керек деген пикирин билдирген.