https://sputnik.kg/20260718/aksh-iran-tegeran-sokku-amerikalyk-baza-zhoop-kaytaruu-1102476774.html
АКШ Иранга кайрадан сокку урду, Тегеран америкалык базаларга жооп кайтарды
АКШ Иранга кайрадан сокку урду, Тегеран америкалык базаларга жооп кайтарды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Түндө АКШ кайрадан Иранга сокку урду, жооп иретинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды бутага алды. Бул тууралуу Sputnik... 18.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-18T11:26+0600
2026-07-18T11:26+0600
2026-07-18T11:26+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
иран
акш
сокку
жооп
согуш
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102377480_0:0:3640:2048_1920x0_80_0_0_d21519c825375b18d9a36f8081f863b8.jpg
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Түндө АКШ кайрадан Иранга сокку урду, жооп иретинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды бутага алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Маалыматка ылайык, АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдар байкоо салган объектилерге, аскердик логистикалык инфраструктурага, курал-жарак сакталган жер алдындагы кампаларга жасалганын билдирди. Ал эми Иран жарандык объектилер талкаланып, жай тургундардын арасында каза болгондор, жарадарлар бар экенин маалымдады. Иран жооп катары Кувейт, Иордания, Сауд Арабиясы жана Бахрейндеги америкалык аскердик базаларга ракета жана дрондор менен сокку урганын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, ок-дары кампалары, ангарлар жана күйүүчү май сактагычтары бутага алынган. Ошондой эле Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган төрт танкерди токтотконун, дагы эки мунай танкери жардыруудан кийин өрттөнгөнүн билдирди. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилиги эгерде АКШнын чабуулдары дагы эки-үч күнгө созулса, Иран коргонуу аракеттеринен толук масштабдагы чабуул коюу операцияларына өтөрүн билдирген.
https://sputnik.kg/20260717/aksh-irandagy-mektepke-chabuul-zhasaganyn-moynuna-aluudan-bash-tartty-1102454520.html
жакынкы чыгыш
иран
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102377480_462:0:3193:2048_1920x0_80_0_0_4ec2b35a2ecdf7eb12148c551d20bd0b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, сокку, жооп, согуш
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, сокку, жооп, согуш
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Түндө АКШ кайрадан Иранга сокку урду, жооп иретинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды бутага алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.
Маалыматка ылайык, АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдар байкоо салган объектилерге, аскердик логистикалык инфраструктурага, курал-жарак сакталган жер алдындагы кампаларга жасалганын билдирди. Ал эми Иран жарандык объектилер талкаланып, жай тургундардын арасында каза болгондор, жарадарлар бар экенин маалымдады.
Иран жооп катары Кувейт, Иордания, Сауд Арабиясы жана Бахрейндеги америкалык аскердик базаларга ракета жана дрондор менен сокку урганын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, ок-дары кампалары, ангарлар жана күйүүчү май сактагычтары бутага алынган.
Ошондой эле Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган төрт танкерди токтотконун, дагы эки мунай танкери жардыруудан кийин өрттөнгөнүн билдирди. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилиги эгерде АКШнын чабуулдары дагы эки-үч күнгө созулса, Иран коргонуу аракеттеринен толук масштабдагы чабуул коюу операцияларына өтөрүн билдирген.