Документ чогултуу азаят, жоопкерчилик күчөйт. Жаңы административдик кодекс талкууда

© Изображение сгенерировано ИИ
Жазылуу
Өкмөт административдик жол-жоболорду жаңылоого багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен жарандардын мамилесин жөнгө салган жаңы "Административдик ишмердүүлүк жана жол-жобо жөнүндө" кодекс сунушталууда. Юстиция министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документ кабыл алынса, мамлекеттик органдардын чечим кабыл алуу тартиби өзгөрүп, жарандардын укуктарын коргоо механизмдери күчөтүлөт.
Демилгечилер жаңы кодекстин негизги максаты мамлекеттик башкарууну жөнөкөйлөтүү, бюрократияны азайтуу жана жаран менен мамлекеттик органдын ортосундагы мамилени ачык кылуу экенини белгилешет. Башкача айтканда, мамлекеттик орган эми чечим чыгарып эле койбостон, анын эмне себептен кабыл алынганын түшүндүрүүгө тийиш болот.
Кодекстин долбоорунда төмөнкү негизги өзгөртүүлөр каралган:
административдик жол-жоболордун бирдиктүү реестри түзүлөт. Анда мамлекеттик кызматтар, керектүү документтер, чечим чыгаруунун негиздери жана мөөнөтү көрсөтүлөт. Реестрге кирбеген жол-жоболор жүргүзүлбөйт;
"Бирдиктүү терезе" принциби киргизилет. Маморганда же мамлекеттик маалыматтык системада бар документтер кайрадан тапшырылбайт. Тиешелүү орган ведомстволор аралык электрондук байланыш аркылуу өзү алышы керек;
"Үнсүз макулдук" эрежеси. Эгер маморган белгиленген мөөнөттө чечим чыгарбаса, арыз автоматтык түрдө канааттандырылды деп эсептелет. Арыз ээсине ырастоочу документ 5 күндүн ичинде берилүүгө тийиш. Эреже улуттук коопсуздук, коргонуу, саламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо маселесине жайылтылбайт;
автоматтык чечим чыгарууга жол берилет. Мамлекеттик маалыматтык система стандарттуу жана массалык жол-жоболор боюнча маалыматтарды атайын алгоритм менен иштеп чыгып, адамдын катышуусуз чечим кабыл ала алат. Бирок арыз ээси мындай чечимдин кайра каралышын талап кылууга укуктуу;
электрондук документтердин укуктук күчү бекитилет. Электрондук административдик иштер, санариптик документтер жана электрондук кол тамга кагаз түрүндөгү документтерге теңештирилет. Электрондук документтерди жөнөтүү жана алардын көчүрмөлөрүн алуу акысыз болот;
сотко чейинки даттануу тартиби жөнөкөйлөтүлөт. Жаран даттануусун чечим кабыл алган органга же жогору турган мекемеге, анын ичинде электрондук форматта бере алат. Ал 20 иш күндүн ичинде каралат. Даттануу талашылып жаткан чечимдин аткарылышын убактылуу токтотот;
болбогон себептер менен документ кабыл албай коюуга тыюу салынат. Оңой оңдоло турган ката үчүн арызды кабыл албай коюуга болбойт. Эгер маселе башка органдын компетенциясына кирсе, арыз бир күндүн ичинде тиешелүү мекемеге жөнөтүлөт;
административдик чыгым чектелет. Арыз ээси мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик алымды жана чыгымдарды гана төлөйт. Кагаз көчүрмөлөр үчүн алардын иш жүзүндөгү даярдоо наркы гана алынат.
