https://sputnik.kg/20260716/-iran-eaeb-uchun-bazhy-sharttaryn-zhenildetti-1102449631.html
Иран ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бажы шарттарын жеңилдетти
Иран ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бажы шарттарын жеңилдетти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Иран Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) товарларына бажы алымын 20 пайыздан 4,5 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу уюмдун... 16.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-16T19:16+0600
2026-07-16T19:16+0600
2026-07-16T19:16+0600
дүйнөдө
еаэб
иран
еэк
соода
бажы алымы
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096855440_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_25d81afd05e065ae67e1481c49eab6af.jpg
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Иран Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) товарларына бажы алымын 20 пайыздан 4,5 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, Евразия экономикалык комиссиясында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин ишке ашыруу боюнча жыйын өткөн. Анда тараптар соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу, логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, төлөм жана камсыздандыруу механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле "Түндүк — Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашкан. ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Ирандын соода агымы түндүк багытка көбүрөөк бурулуп, ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташуунун мааниси артууда. Эркин соода келишиминин алкагында Иран ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген бир катар товарларга бажы тарифтерин төмөндөтөт. Бул чара өз ара сооданы кеңейтүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган.
https://sputnik.kg/20260715/yeaeb-azyk-tuluk-talaptary-zhanylanat-1102430655.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096855440_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_b88dd5aa9a2599e3834e1af72a9a75e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, еаэб, иран, еэк, соода, бажы алымы
дүйнөдө, еаэб, иран, еэк, соода, бажы алымы
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Иран Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) товарларына бажы алымын 20 пайыздан 4,5 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, Евразия экономикалык комиссиясында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин ишке ашыруу боюнча жыйын өткөн. Анда тараптар соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу, логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, төлөм жана камсыздандыруу механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле "Түндүк — Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.
ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Ирандын соода агымы түндүк багытка көбүрөөк бурулуп, ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташуунун мааниси артууда.
Эркин соода келишиминин алкагында Иран ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген бир катар товарларга бажы тарифтерин төмөндөтөт. Бул чара өз ара сооданы кеңейтүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган.