Ысык-Көлдөгү "Кыргыз деңизи" санаторийи жаңыланып, "Кыргыз алтын Резорт" болду
15:02 15.07.2026 (Жаңыртылды: 15:59 15.07.2026)

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жазылуу
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жаңыланган "Кыргыз алтын Резорт" ден соолукту чыңдоо борбору ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

1/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Узундугу 205 метр жаңы пирс курулган

2/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Ысык-Көл облусунда жаңыланган "Кыргыз алтын Резорт" ден соолукту чыңдоо борбору ачылды

3/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Салтанатка суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты

Салтанатка суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты. Ал курорттук аймактарды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жаңылоо жана эс алуу жайларынын сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
"Кыргыз алтын Резорт" борборунда башкы корпус, инженердик тармактар, конок бөлмөлөрү жана аймак толугу менен жаңыланып, заманбап эмеректер жана жабдуулар менен камсыздалды. Ошондой эле узундугу 205 метр жаңы пирс курулуп, 2009-жылдан бери иштебей турган ачык бассейн кайра пайдаланууга берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда борбордо эл аралык талаптарга жооп берген көп тармактуу спорт комплекси курулууда.
Белгилей кетсек, 1975-жылы негизделген "Кыргыз деңизи" санаторийи өлкөдөгү ден соолукту чыңдаган ири жайлардын бири болгон. Узак убакыт пайдаланылгандыктан имараттарды жана инженердик системаларды жаңылоо зарылдыгы жаралган.
Былтыр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен объект тоо-кен тармагында иштеген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу үчүн "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун башкаруусуна өткөрүп берилген.