https://sputnik.kg/20260715/avgust-ayyna-karata-aba-yrayy-1102430910.html
Жамгыр өлчөмү менен жаайт. Августка карата аба ырайы
Жамгыр өлчөмү менен жаайт. Августка карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Август айында Кыргызстанда күн 39 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматынан билдиришти. 15.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-15T16:59+0600
2026-07-15T16:59+0600
2026-07-15T16:59+0600
кыргызстан
аба ырайы
август
жаан-чачын
кыргызгидромет
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1e/1067348938_0:0:3000:1688_1920x0_80_0_0_f5b4184728e6e5447576eb1565953460.jpg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Август айында Кыргызстанда күн 39 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматынан билдиришти. Мекеме тараткан аба ырайынын бир айлык божомолунда августта орточо температуранын жана жаан-чачындын көлөмү көпчүлүк аймактарда климаттык норманын чегинде болору айтылат. Чүй облусу Абанын айлык орточо температурасы өтө ысып кетпей чегинде болуп, 22…24, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 16…18 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градустан 19…24кө жетсе, күндүз 24…29дан 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 18…23 градуска түшүшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү өзүнүн чегинде болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 11-19 мм, тоо этектериндеги аймактарда 30-32 мм). Талас облусу Абанын айлык орточо температурасы өзүнүн чегинде — 19…21 градус болорун айтышты. Августтун ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11ден 16…21ге, күндүз 22…27ден 32…37 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 16…21 градуска түшүшү мүмкүн. Жаан-чачын өзүнүн айлык көлөмүндө, тагыраагы, 8-12 мм болуп түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары Абанын айлык орточо температурасы климаттык чегинде туруп 23…25, тоо этектериндеги райондордо 19…21 градус болушу күтүлөт. Августтун ичинде түнкүсүн 10…15 градустан 20…25ке чейин, күндүз 24…29дан 34…39 градуска чейин ысышы ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн 6…11ден 16…21ге жетип, күндүз 20…25тен 30…35 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү Ош аймагында норманын чегинде: түзөңдөрдө 4-11 мм, тоо этектериндеги райондордо 15-23 мм болушу күтүлөт. Ал эми Жалал-Абадда түзөңдөрдө 7-9 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-35 мм болушу ыктымал. Ал эми Баткенде 4-6 мм, тоо этектериндеги райондордо 9-11 мм болорун айтышты. Ысык-Көл Жайдын бул айында климаттык норманын чегинде, 17…19 градус болушу күтүлөт. Августта түнкүсүн 5…10 — 15…20, ал эми күндүз 18…23 — 27…32 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү 28-40 мм, чыгышында 45-80 мм болушу ыктымал. Нарын облусу Августта абанын орточо температурасы климаттык норманын чегинде, тагыраагы, 16…18 градус болот дешти. Түнкүсүн 1…6 градустан 11…16га, күндүз 17…22ден 27…32 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү өзүнүн чегинде — 18-28 мм болуп түшөрүн айтышты.
https://sputnik.kg/20260713/kun-katuu-ysiyt-1102381708.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1e/1067348938_199:0:2868:2002_1920x0_80_0_0_4d0fc879b161797b59d8b52e1d71a7aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аба ырайы, август, жаан-чачын, кыргызгидромет
кыргызстан, аба ырайы, август, жаан-чачын, кыргызгидромет
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Август айында Кыргызстанда күн 39 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Мекеме тараткан аба ырайынын бир айлык божомолунда августта орточо температуранын жана жаан-чачындын көлөмү көпчүлүк аймактарда климаттык норманын чегинде болору айтылат.
Абанын айлык орточо температурасы өтө ысып кетпей чегинде болуп, 22…24, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 16…18 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градустан 19…24кө жетсе, күндүз 24…29дан 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 18…23 градуска түшүшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өзүнүн чегинде болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 11-19 мм, тоо этектериндеги аймактарда 30-32 мм).
Абанын айлык орточо температурасы өзүнүн чегинде — 19…21 градус болорун айтышты.
Августтун ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11ден 16…21ге, күндүз 22…27ден 32…37 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 16…21 градуска түшүшү мүмкүн.
Жаан-чачын өзүнүн айлык көлөмүндө, тагыраагы, 8-12 мм болуп түшөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Абанын айлык орточо температурасы климаттык чегинде туруп 23…25, тоо этектериндеги райондордо 19…21 градус болушу күтүлөт.
Августтун ичинде түнкүсүн 10…15 градустан 20…25ке чейин, күндүз 24…29дан 34…39 градуска чейин ысышы ыктымал.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн 6…11ден 16…21ге жетип, күндүз 20…25тен 30…35 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү Ош аймагында норманын чегинде: түзөңдөрдө 4-11 мм, тоо этектериндеги райондордо 15-23 мм болушу күтүлөт. Ал эми Жалал-Абадда түзөңдөрдө 7-9 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-35 мм болушу ыктымал. Ал эми Баткенде 4-6 мм, тоо этектериндеги райондордо 9-11 мм болорун айтышты.
Жайдын бул айында климаттык норманын чегинде, 17…19 градус болушу күтүлөт.
Августта түнкүсүн 5…10 — 15…20, ал эми күндүз 18…23 — 27…32 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү 28-40 мм, чыгышында 45-80 мм болушу ыктымал.
Августта абанын орточо температурасы климаттык норманын чегинде, тагыраагы, 16…18 градус болот дешти.
Түнкүсүн 1…6 градустан 11…16га, күндүз 17…22ден 27…32 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өзүнүн чегинде — 18-28 мм болуп түшөрүн айтышты.