https://sputnik.kg/20260715/1102432312.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлорун ишке... 15.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-15T17:00+0600
2026-07-15T17:00+0600
2026-07-15T17:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0f/1102432146_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4721eec61d51f0b644fd0dc8925be7c4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлорун ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында "Кыргызсуу долбоору" мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылышы, ошондой эле суу чарба объектилерин долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо маселелери каралды. Суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагыч куруу жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо каралган. Долбоорлорду ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого, айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Суу менен камсыздоо маселелерин комплекстүү чечүү айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн 70 пайызга чейин жогорулатууга, фермерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, аймактардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Бишкекте "Санарип чек ара" мобилдик тиркемесинин расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул мамлекеттик чек арада ачык-айкындуулукту, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Демилге БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага чектеш жашаган жамааттарынын дараметин чыңдоо долбоорунун алкагында ишке ашты. "Жаңы мобилдик тиркеме жарандарга жана чет элдик конокторго чек арадан өтүүнүн актуалдуу эрежелерин тез арада билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өлкөнүн 8 пилоттук өткөрмө пунктунда жаңы Milestone Systems программалык камсыздоосу негизинде видеобайкоо системасы орнотулду. Бул мекемелер аралык байланышты күчөтүп, мониторинг жүргүзүүнү жаңы деңгээлге көтөрөт", - деп айтылат маалыматта. Бет ачардан соң журналисттер үчүн "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна пресс-тур уюштурулуп, алар тиркеменин жана жаңы системанын иштеши менен практикалык түрдө таанышышты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков бул кадам чек ара кызматындагы ачык-айкындуулукту жогорулатып, өлкөгө келген конокторго тейлөө сапатын жакшырта турганын баса белгиледи.
Ысык-Көл облусунда жаңыланган "Кыргыз алтын Резорт" ден соолукту чыңдоо борбору ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.Салтанатка суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты. Ал курорттук аймактарды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жаңылоо жана эс алуу жайларынын сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.Учурда борбордо эл аралык талаптарга жооп берген көп тармактуу спорт комплекси курулууда.Белгилей кетсек, 1975-жылы негизделген "Кыргыз деңизи" санаторийи өлкөдөгү ден соолукту чыңдаган ири жайлардын бири болгон. Узак убакыт пайдаланылгандыктан имараттарды жана инженердик системаларды жаңылоо зарылдыгы жаралган.Былтыр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен объект тоо-кен тармагында иштеген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу үчүн "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун башкаруусуна өткөрүп берилген.
Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлорун ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында "Кыргызсуу долбоору" мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылышы, ошондой эле суу чарба объектилерин долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо маселелери каралды. Суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагыч куруу жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо каралган. Долбоорлорду ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого, айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Суу менен камсыздоо маселелерин комплекстүү чечүү айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн 70 пайызга чейин жогорулатууга, фермерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, аймактардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.Бишкекте "Санарип чек ара" мобилдик тиркемесинин расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул мамлекеттик чек арада ачык-айкындуулукту, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Демилге БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага чектеш жашаган жамааттарынын дараметин чыңдоо долбоорунун алкагында ишке ашты. "Жаңы мобилдик тиркеме жарандарга жана чет элдик конокторго чек арадан өтүүнүн актуалдуу эрежелерин тез арада билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өлкөнүн 8 пилоттук өткөрмө пунктунда жаңы Milestone Systems программалык камсыздоосу негизинде видеобайкоо системасы орнотулду. Бул мекемелер аралык байланышты күчөтүп, мониторинг жүргүзүүнү жаңы деңгээлге көтөрөт", - деп айтылат маалыматта. Бет ачардан соң журналисттер үчүн "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна пресс-тур уюштурулуп, алар тиркеменин жана жаңы системанын иштеши менен практикалык түрдө таанышышты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков бул кадам чек ара кызматындагы ачык-айкындуулукту жогорулатып, өлкөгө келген конокторго тейлөө сапатын жакшырта турганын баса белгиледи.Ысык-Көл облусунда жаңыланган "Кыргыз алтын Резорт" ден соолукту чыңдоо борбору ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.Салтанатка суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты. Ал курорттук аймактарды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жаңылоо жана эс алуу жайларынын сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.Учурда борбордо эл аралык талаптарга жооп берген көп тармактуу спорт комплекси курулууда.Белгилей кетсек, 1975-жылы негизделген "Кыргыз деңизи" санаторийи өлкөдөгү ден соолукту чыңдаган ири жайлардын бири болгон. Узак убакыт пайдаланылгандыктан имараттарды жана инженердик системаларды жаңылоо зарылдыгы жаралган.Былтыр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен объект тоо-кен тармагында иштеген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу үчүн "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун башкаруусуна өткөрүп берилген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0f/1102432146_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_89ab233c6185cbcb7cc358a248d9abc5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио