https://sputnik.kg/20260715/1102426064.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү 67 миң 468 балага дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция... 15.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-15T15:00+0600
2026-07-15T15:00+0600
2026-07-15T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0f/1102425898_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5a0784a247e9cb3704a82556d49f954e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү 67 миң 468 балага дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган төлөмдү каржылоого 271 млн 34 миң сом багытталды. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 миң 967 балага "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындалган. Эмгек министрлиги "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо максатында бала төрөлгөндө берилерин жана ал мыйзамдарда белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөрүн эскертет.
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи турунун мөөнөтү узартылды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, документ тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 15-июлу саат 21:00гө чейин узартылды. Мындай чечим маалыматтык системалардын ишинде, анын ичинде “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасында убактылуу үзгүлтүк жаралгандыгына байланыштуу кабыл алынды. Көйгөй Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун жабдууларын тышкы электр энергиясы менен камсыздоодо келип чыккан техникалык мүчүлүштүктөн улам пайда болгон. Министрлик кабыл алуу жараянын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана абитуриенттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында мөөнөттү узартуу чечими кабыл алынганын белгиледи.
"Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтмөктөгү соода жайларынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу расмий билдирүү таратып, айтылган дооматтарга жооп берди. Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, жер алдындагы өтмөк техникалык режимде мыйзам чегинде ишке киргизилген. Объект ишке берилген учурда негизги максат шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү мүмкүн болушунча тез камсыз кылуу болгондуктан, өтмөк расмий ачылыш аземи өткөрүлбөстөн пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, администрация жер алдындагы өтмөктүн иштеши менен жер үстүндөгү курулушту демонтаждоо өз-өзүнчө процесстер экенин белгиледи. Алардын айтымында, Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги курулушту бузуу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Оор техниканы колдонуу жер алдындагы конструкцияга жана жөө адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн.
Владимир Зеленский Украинанын Евробиримдиктеги башкы өнөктөшү — Польша менен урушуп, өзүн туюкка кептегенин британдык UnHerd басылмасы жазды. "Зеленский Европадагы эң башкы өнөктөшү менен мамилесин бузуп, өзүн туюкка такады. Эми бул маселеде артка чегинип Польшага жол берейин десе, өлкө ичиндеги ашынган улутчулдар каршы чыгат. Бул нерсе Россия менен согуш башталгандан бери басылып турган Батышка жана Польшага каршы нааразылыкты кайрадан тутантып жибериши мүмкүн", — деп белгилейт макаланын автору. Анын пикиринде, так ушул Варшава менен мамиленин начарлашы жана анын колдоосунан ажырап калуу коркунучу Киев режиминин башчысын тышкы саясат стратегиясын кайра карап чыгууга жана өкмөттө кадрдык өзгөрүүлөрдү баштоого мажбур кылган. Шейшемби күнү Жогорку Рада премьер-министр Юлия Свириденконун кызматтан кетүүсүн жактырды. Мыйзам боюнча, украин өкмөт башчысынын кызматтан кетиши бүтүндөй өкмөттүн тарашына алып келет. Жаңы премьерди жана министрлерди бейшемби күнү дайындоо пландалууда.
2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү 67 миң 468 балага дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган төлөмдү каржылоого 271 млн 34 миң сом багытталды. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 миң 967 балага "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындалган. Эмгек министрлиги "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо максатында бала төрөлгөндө берилерин жана ал мыйзамдарда белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөрүн эскертет.Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи турунун мөөнөтү узартылды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, документ тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 15-июлу саат 21:00гө чейин узартылды. Мындай чечим маалыматтык системалардын ишинде, анын ичинде “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасында убактылуу үзгүлтүк жаралгандыгына байланыштуу кабыл алынды. Көйгөй Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун жабдууларын тышкы электр энергиясы менен камсыздоодо келип чыккан техникалык мүчүлүштүктөн улам пайда болгон. Министрлик кабыл алуу жараянын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана абитуриенттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында мөөнөттү узартуу чечими кабыл алынганын белгиледи."Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтмөктөгү соода жайларынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу расмий билдирүү таратып, айтылган дооматтарга жооп берди. Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, жер алдындагы өтмөк техникалык режимде мыйзам чегинде ишке киргизилген. Объект ишке берилген учурда негизги максат шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү мүмкүн болушунча тез камсыз кылуу болгондуктан, өтмөк расмий ачылыш аземи өткөрүлбөстөн пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, администрация жер алдындагы өтмөктүн иштеши менен жер үстүндөгү курулушту демонтаждоо өз-өзүнчө процесстер экенин белгиледи. Алардын айтымында, Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги курулушту бузуу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Оор техниканы колдонуу жер алдындагы конструкцияга жана жөө адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн.Владимир Зеленский Украинанын Евробиримдиктеги башкы өнөктөшү — Польша менен урушуп, өзүн туюкка кептегенин британдык UnHerd басылмасы жазды. "Зеленский Европадагы эң башкы өнөктөшү менен мамилесин бузуп, өзүн туюкка такады. Эми бул маселеде артка чегинип Польшага жол берейин десе, өлкө ичиндеги ашынган улутчулдар каршы чыгат. Бул нерсе Россия менен согуш башталгандан бери басылып турган Батышка жана Польшага каршы нааразылыкты кайрадан тутантып жибериши мүмкүн", — деп белгилейт макаланын автору. Анын пикиринде, так ушул Варшава менен мамиленин начарлашы жана анын колдоосунан ажырап калуу коркунучу Киев режиминин башчысын тышкы саясат стратегиясын кайра карап чыгууга жана өкмөттө кадрдык өзгөрүүлөрдү баштоого мажбур кылган. Шейшемби күнү Жогорку Рада премьер-министр Юлия Свириденконун кызматтан кетүүсүн жактырды. Мыйзам боюнча, украин өкмөт башчысынын кызматтан кетиши бүтүндөй өкмөттүн тарашына алып келет. Жаңы премьерди жана министрлерди бейшемби күнү дайындоо пландалууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0f/1102425898_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a739db2f35ba16b87242871c4f8ddcac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио