00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жаңы логистикалык комплекс дары-дармек менен камсыздоо тармагына кандай өзгөрүү алып келет?
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Эми коррупция тууралуу "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратурага караштуу "Укук" мамлекеттик мекемеси "Түндүк" ААК менен биргеликте "Түндүк" мобилдик тиркемесине интеграцияланган "Коррупция жөнүндө билдирүү" санариптик кызматы ишке киргизди. "Бул кызмат жарандарга коррупция фактылары же коррупциялык укук бузууларды жасоого азгыруу фактылары тууралуу билдирүүлөрдү акысыз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.Арыз ээсинин тандоосу боюнча кайрылуу тиешелүү компетенциясынын чегинде кароо үчүн Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт. Аталган кызмат коррупциянын алдын алуунун заманбап санариптик механизмдерин өнүктүрүүгө, жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуусун жеткиликтүү кылууга жана коом менен мамлекеттин коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган.
Улуттук банк кечээ валюта рыногуна интервенция жасап, 186,4 миллион доллар сатты.Ошол эле учурда доллардын орточо курсу өзгөргөн жок. Учурда анын сатуу баасы 87,8 сомду түзүүдө.Бул — быйылкы жылдагы тогузунчу интервенция. Жыл башынан бери Улуттук банк баш-аягы 1 миллиард 472,6 миллион доллар сатты. Июнь айынын аягындагы интервенция эң ири көлөмдөгү сатуу деп катталган.Белгилей кетсек, 2025-жылы сомдун курсун туруктуу кармоо максатында Улуттук банк жалпы 853 миллион доллар саткан.
2026-жылдын 1-июлуна карата 11 931 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул максатка республикалык бюджеттен 270,3 млн сом каражат бөлүндү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул түрдөгү жөлөкпулду 13 843 аял алган. Аларды каржылоого республикалык бюджеттен 298,9 млн сом жумшалган. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны алууга укугу бар бардык аялдарга толук көлөмдө төлөнөт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, жер алдындагы өтмөктөгү соода түйүндөрүн мөөр басып жабууну тапшырды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, аталган жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде гана ачылып, ушул күнгө чейин расмий түрдө пайдаланууга бериле элек болчу. Буга карабастан, андагы коммерциялык объектилер өз алдынча иш жүргүзүп келишкен.Калаа башчысы муниципалитет өз убагында инфраструктураны модернизациялоо шарты менен бул долбоорду колдогонун, бирок бизнес өз милдеттенмелерин бир тараптуу гана аткарып жатканын белгиледи.“Свердлов райондук администрациясы 1-июлда эле ижарачыларга мыйзам бузууларды жоюу боюнча 122ге жакын эскертүү берген, бирок талаптар аткарылган эмес”, — деди мэрия.Мындан тышкары, мэр көчмө жыйындын алкагында Чүй проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги демонтаж, аймакты көрктөндүрүү жана фонтанды реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Тиешелүү кызматтарга курулуш-монтаждоо иштеринин темпин тездетип, өз мөөнөтүндө сапаттуу бүтүрүү тапшырмасы берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0