https://sputnik.kg/20260713/zhaparov-kyzy-zhanayymdyn-baldar-borboruna-baryshy-boyuncha-un-katty-1102392052.html
"Кудага кеткен элек". Жапаров кызынын балдар борборуна барышы боюнча үн катты. Видео
"Кудага кеткен элек". Жапаров кызынын балдар борборуна барышы боюнча үн катты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кызы Жанайымдын "Алтын балалык" борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө... 13.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-13T18:47+0600
2026-07-13T18:47+0600
2026-07-13T18:47+0600
кыргызстан
садыр жапаров
айгүл жапарова
белек
видео
түшүндүрмө
жанайым жапарова
https://sputnik.kg/img/07ea/01/1c/1099391346_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_c3003d73242adf7c3d1cfa5b497dd9c1.jpg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кызы Жанайымдын "Алтын балалык" борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берди. Кабар" агенттиги бул боюнча атайын пиарбы же балдарды саясатка аралаштыруубу деген суроо узаткан. Төмөндө президенттин жообун толук беребиз: Эгер андай аракеттер болсо, эбак эле билинет эле да. Ондогон жыл курулушу бүтпөй турган "Алтын балалык" балдарды реабилитациялоо борбору менин тапшырмам менен курулуп бүткөн. Аймактардагы балдарыбыз, айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн аз да болсо жайкы эс алуу уюштуруп, жакшы эмоцияларды тартуулайлы деген максатта үч жыл мурда курулушун аягына чыгартып, керектүү эмеректерди, жабдууларды алып бергенбиз. Жыл сайын бул борборго өлкөбүздүн булуң-бурчунан балдар келип эс алып, бири-бири менен достошуп кайтышат. Айгүл (биринчи айым Жапарова — ред.) "балдардын көңүлү көтөрүлүп калсын" деп белек-бечкек тапшырып келет. Бул жолу да бармак. Бирок, кудалар чакырып калып Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз. Анан "атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып кое берчи" деп кызыбызды жөнөтүп коюптур. Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген. Жалпыга маалымдоо каражаттары болгон эмес. Маалыматты эч жакка чыгарбай эле белектерди таратып коелу дешкен. Ал жакка келгендердин арасынан бирөөсү телефонго тартып, анан социалдык тармакка чыгарып жибериптир. Муну саясат кылыштын деле кереги жок.
https://sputnik.kg/20260526/akylman-litseyinde-akyrky-konguroo-1101522107.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/1c/1099391346_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_243c60d3b3bdefc47b4f2bcef82a93a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, айгүл жапарова, белек, видео, түшүндүрмө, жанайым жапарова
кыргызстан, садыр жапаров, айгүл жапарова, белек, видео, түшүндүрмө, жанайым жапарова
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кызы Жанайымдын "Алтын балалык" борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берди. Кабар" агенттиги бул боюнча атайын пиарбы же балдарды саясатка аралаштыруубу деген суроо узаткан.
Төмөндө президенттин жообун толук беребиз:
— Эч кандай пиар дагы эмес, саясатка аралаштыруу дагы эмес. Буга чейин айтканымдай эле балдарымды да, жакындарымды да саясатка жана мамлекеттик иштерге аралаштырбайм.
Эгер андай аракеттер болсо, эбак эле билинет эле да. Ондогон жыл курулушу бүтпөй турган "Алтын балалык" балдарды реабилитациялоо борбору менин тапшырмам менен курулуп бүткөн. Аймактардагы балдарыбыз, айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн аз да болсо жайкы эс алуу уюштуруп, жакшы эмоцияларды тартуулайлы деген максатта үч жыл мурда курулушун аягына чыгартып, керектүү эмеректерди, жабдууларды алып бергенбиз.
Жыл сайын бул борборго өлкөбүздүн булуң-бурчунан балдар келип эс алып, бири-бири менен достошуп кайтышат. Айгүл (биринчи айым Жапарова — ред.) "балдардын көңүлү көтөрүлүп калсын" деп белек-бечкек тапшырып келет. Бул жолу да бармак. Бирок, кудалар чакырып калып Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз. Анан "атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып кое берчи" деп кызыбызды жөнөтүп коюптур. Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген.
Жалпыга маалымдоо каражаттары болгон эмес. Маалыматты эч жакка чыгарбай эле белектерди таратып коелу дешкен. Ал жакка келгендердин арасынан бирөөсү телефонго тартып, анан социалдык тармакка чыгарып жибериптир. Муну саясат кылыштын деле кереги жок.