00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия мигранттар үчүн киргизген жаңы эрежелер кыргызстандыктарга кандай таасир этет?

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМиграция. Архив
Миграция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган жаңы мыйзамдардын кыргызстандыктарга кандай таасир этерин түшүндүрдү.
Министрликтин Тышкы миграция башкармалыгынын башчысы Майрамбек Бейшеновдун айтымында, жеке киреше салыгы боюнча алдын ала белгиленген төлөм (патент) тууралуу талап патент менен иштеген чет элдиктерге гана тиешелүү. Ал эми кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россияда юридикалык жактарда эмгек келишими менен иштегендиктен, бул норма аларга тиешелүү болбойт.
Ошол эле учурда кыргызстандыктарга жашоо минимумунан төмөн эмес кирешени ырастоо талабы толук бойдон колдонулат. Бул талап мигрант өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздай аларын далилдөөгө милдеттендирет. Анын аткарылышы салык жана башка мамлекеттик органдардын санариптик маалымат алмашуусу аркылуу көзөмөлдөнөт.
Министрликтин өкүлү дагы төмөнкүлөрдү белгиледи:
үй-бүлөнүн 18 жашка толгон мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кетиши же макамын өзгөртүшү керек деген талап кыргызстандыктарга да тиешелүү. Бирок ЕАЭБдин алкагындагы жеңилдетилген тартипке ылайык, алар патент албай эле эмгек келишимин түзүп, өз алдынча кызматкер макамына өтө алышат. Мындан тышкары, Россиядан чыкпай туруп эле келүү максатын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар.
патентти жокко чыгаруу тууралуу норма кыргызстандыктарга түздөн-түз тиешелүү эмес. Бирок эгер мигрант өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздоого жетиштүү кирешеси бар экенин документ менен тастыктай албаса, аны өлкөдөн чыгарып салганга чейинки чаралар колдонулушу мүмкүн.
Майрамбек Бейшенов мыйзам долбоорлору азырынча Мамлекеттик Дума тарабынан гана кабыл алынганын белгиледи. Документ күчүнө кириши үчүн РФ президенти кол коюп, андан соң аларды ишке ашыруунун механизмдери иштелип чыгышы керек. Ошондуктан жаңы эрежелердин кыргызстандыктарга тийгизген таасири тууралуу азырынча так жыйынтык чыгарууга эрте.
Буга чейин маалымдалгандай, 2025-жылдын алгачкы 11 айында Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу дээрлик 3 миллиард доллар түшкөн. Анын 90 пайызы Россиядан жөнөтүлгөн.
Телефон кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2026
Мигранттын түйшүгүн жеңилдетет. ТИМ "Электрондук консул" тиркемесин ишке киргизди
Жаңылыктар түрмөгү
0