https://sputnik.kg/20260711/iran-akshny-kelishimdi-buzdu-dep-ayyptady-1102354435.html
Иран АКШны келишимди бузду деп айыптаса, Трамп ракеталары менен коркутууда
Иран АКШны келишимди бузду деп айыптаса, Трамп ракеталары менен коркутууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандумдун тогузунчу пунктун, башкача... 11.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-11T11:05+0600
2026-07-11T11:05+0600
2026-07-11T11:04+0600
дүйнөдө
иран
акш
дональд трамп
аббас аракчи
сокку
ракета
келишим
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094932994_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4d3f130c94a60412931cb9377e00a573.jpg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандумдун тогузунчу пунктун, башкача айтканда, Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтпөө боюнча шартты бузганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Министр келишим эки тарап тең сактаганда гана күчүндө болорун белгилеген. Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп ага салуу аракети болсо, Иранды көздөй миң ракетаны камдап койгонун айтып чыкты. "Эгер Иран өкмөтү коркутуусун ишке ашырып, АКШнын азыркы президенти — мени өлтүрүүгө аракет кылса, дагы миңдеген ракеталар колдонулат", — деген Трамп. Анын айтымында, АКШ аскерлерине тиешелүү буйрук берилген, алар Иранды толугу менен жок кылууга даяр. Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон куралдуу жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол коюшкан. Бирок 8-июлга караган түнү АКШ кайрадан сокку урган. Президент Дональд Трамп муну Ирандын Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге каршы аракеттерине жооп катары түшүндүрүп, мындай окуя кайталанса чабуулдар күчөй турганын эскерткен. Буга жооп кылып Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун аракеттерин жетишилген макулдашууларды одоно бузуу катары баалады.
https://sputnik.kg/20260709/iran-menen-akshnyn-ortosundagy-tiresh-ulanyp-zhatat-1102313939.html
иран
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094932994_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_220fda4b7a5493e533704fcd657d4fb8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, акш, дональд трамп, аббас аракчи, сокку, ракета, келишим
дүйнөдө, иран, акш, дональд трамп, аббас аракчи, сокку, ракета, келишим
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандумдун тогузунчу пунктун, башкача айтканда, Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтпөө боюнча шартты бузганын билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Иран буга чейин өз милдеттенмелерин аткарып келди. Ал эми АКШнын каржы министри меморандумдун тогузунчу пунктун бузду. Бул — Вашингтондун буга чейинки башка мыйзам бузууларынын жана жаңылыш кадамдарынын уландысы", — деп жазган социалдык баракчасына.
Министр келишим эки тарап тең сактаганда гана күчүндө болорун белгилеген.
Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп ага салуу аракети болсо, Иранды көздөй миң ракетаны камдап койгонун айтып чыкты.
"Эгер Иран өкмөтү коркутуусун ишке ашырып, АКШнын азыркы президенти — мени өлтүрүүгө аракет кылса, дагы миңдеген ракеталар колдонулат", — деген Трамп.
Анын айтымында, АКШ аскерлерине тиешелүү буйрук берилген, алар Иранды толугу менен жок кылууга даяр.
Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон куралдуу жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол коюшкан. Бирок 8-июлга караган түнү АКШ кайрадан сокку урган. Президент Дональд Трамп муну Ирандын Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге каршы аракеттерине жооп катары түшүндүрүп, мындай окуя кайталанса чабуулдар күчөй турганын эскерткен.
Буга жооп кылып Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун аракеттерин жетишилген макулдашууларды одоно бузуу катары баалады.