Барскоон – Бедел жолунда эки ири тоннель салынууда. Сүрөттөр
14:45 10.07.2026 (Жаңыртылды: 14:50 10.07.2026)

© Фото / Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций КР
Жазылуу
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык транспорт коридору боло турган Барскоон – Бедел жолунда 1 700дөн ашык жумушчулар иштеп, курулуш активдүү жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

1/2
© Фото / Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций КР
Барскоон – Бедел жолунда салынып жаткан тоннель

2/2
© Фото / Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций КР
Тоннелдерди оюу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аталган объектинин курулушун текшерүү үчүн мамлекет башчынын өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев барган.
Жол тууралуу төмөнкү маалыматтар берилди:
бул сапарда өзгөчө көңүл тоннелдердин курулушуна бурулду. №1 ("Сөөк") негизги тоннелди салуу 75,8 метрден 365 метрге чейин, ал эми пилоттук тоннелди (штольни) оюу 155,3 метрден 466,2 метрге чейин алдыга жылган;
№2 тоннелде ("Ашуу-Суу") негизгисин оюу 19,2 метрден 270,2 метрге чейин, пилоттук вариантын оюу 76,8 метрден 361,4 метрге чейин узарган;
узундугу 161 чакырымдык бул жолду куруу активдүү жүргүзүлүүдө. Объектиде жогоруда айтылгандай 1 700дөн ашык жумушчу эмгектенип, 814 атайын техника колдонулууда;
подрядчы компанияга ишти жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Эске салсак, Барскоон – Бедел жолу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүп, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, чек ара аймактарынын жана жалпы экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанидеги ири инфраструктуралык долбоор.