https://sputnik.kg/20260709/ukmk-kooptuu-sintetikalyk-bangizat-tashygan-kanaldy-zhapty-1102316138.html
УКМК: 20-25 миң дозага барабар маңзат алынып, шектүүлөр кармалды. Видео
УКМК: 20-25 миң дозага барабар маңзат алынып, шектүүлөр кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өлкөгө абдан кооптуу синтетикалык баңгизаттарды туруктуу ташып келип сатып жүргөн эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт... 09.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-09T11:47+0600
2026-07-09T11:47+0600
2026-07-09T12:12+0600
кыргызстан
укмк
синтетикалык баңгизат
кармоо
зыян
тинтүү
кылмыш
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102314658_0:120:1280:840_1920x0_80_0_0_76d16fe23b81fc7f1927c038c13a7f08.jpg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өлкөгө абдан кооптуу синтетикалык баңгизаттарды туруктуу ташып келип сатып жүргөн эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлуп, үч адам кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты. Алар 27 жана 18 жаштагы үч кыргызстандык экени айтылды. Автоунааны тинтүү учурунда бир килограммга, ал эми жашаган жеринен 1,5 килограммга жакын синтетикалык баңгизат табышкан. Мындан тышкары, маңзатты каткан 60тан ашуун жашыруун жайлар аныкталып, жоюлган. Ал жактан болжол менен 3 килограмм 335 грамм кооптуу зат алышкан. УКМК бул сапар Кыргызстандын ичинде сатылат деп пландалган баш-аягы 5 килограмм 740 грамм синтетикалык маңзат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганын билдирди. Учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана баңгизат каналдарын аныктоочу иштер уланууда.
https://sputnik.kg/20260630/manzat-satkandar-karmaldy-1102152775.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102314658_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_6943a1dac50656eff31914339270126b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, синтетикалык баңгизат, кармоо, зыян, тинтүү, кылмыш
кыргызстан, укмк, синтетикалык баңгизат, кармоо, зыян, тинтүү, кылмыш
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өлкөгө абдан кооптуу синтетикалык баңгизаттарды туруктуу ташып келип сатып жүргөн эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлуп, үч адам кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Алар 27 жана 18 жаштагы үч кыргызстандык экени айтылды.
Автоунааны тинтүү учурунда бир килограммга, ал эми жашаган жеринен 1,5 килограммга жакын синтетикалык баңгизат табышкан. Мындан тышкары, маңзатты каткан 60тан ашуун жашыруун жайлар аныкталып, жоюлган. Ал жактан болжол менен 3 килограмм 335 грамм кооптуу зат алышкан.
УКМК бул сапар Кыргызстандын ичинде сатылат деп пландалган баш-аягы 5 килограмм 740 грамм синтетикалык маңзат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганын билдирди.
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул көлөм 20-25 миң дозага барабар. Табылган синтетикалык баңгизаттардын көмүскө базардагы болжолдуу чекене баасы 30 миллион сомдон ашат", — деп түшүндүрүштү.
Учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана баңгизат каналдарын аныктоочу иштер уланууда.