https://sputnik.kg/20260708/egemenduuluk-40-ishkana-achylat-1102298339.html
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө 40 ишкана ачылат
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө 40 ишкана ачылат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде... 08.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-08T12:53+0600
2026-07-08T12:53+0600
2026-07-08T16:20+0600
кыргызстан
эгемендүүлүк
ачылыш
ишкана
маалымат борбор
https://sputnik.kg/img/07ea/07/08/1102296194_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_51f6dcb2b53e09eed84d050fecb3cb87.jpg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжан Жумашева билдирди.Анын айтымында, жылдын аягына чейин өлкө боюнча жалпысынан 113 өнөр жай объекти ишке киргизилиши керек. Бүгүнкү күндө алардын алтоо ачылды, калгандары этап-этабы менен пайдаланууга берилет.Ишканалардын көбү, тагыраагы, 35 объект Чүй облусунда ачылат. Ал эми Жалал-Абад жана Ош облустарында — 19дан, Ысык-Көлдө — 10, Нарында — 7, Баткен жана Талас облустарында 6дан ишкана пайда болот. Ош шаарында — 7, ал эми Бишкекте 4 объектини ачуу пландалууда.
https://sputnik.kg/20260324/talasta-salynyp-zhatkan-9-obektinin-kurulushu-1100400383.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/08/1102296194_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_473cbc12ddde7026edc574980d3a533b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эгемендүүлүк, ачылыш, ишкана
кыргызстан, эгемендүүлүк, ачылыш, ишкана
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө 40 ишкана ачылат
12:53 08.07.2026 (Жаңыртылды: 16:20 08.07.2026) БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжан Жумашева билдирди.
Анын айтымында, жылдын аягына чейин өлкө боюнча жалпысынан 113 өнөр жай объекти ишке киргизилиши керек. Бүгүнкү күндө алардын алтоо ачылды, калгандары этап-этабы менен пайдаланууга берилет.
"Бул кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, фармацевтика жана машина куруу тармактарында 11 миң жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет", — деди Жумашева.
Ишканалардын көбү, тагыраагы, 35 объект Чүй облусунда ачылат. Ал эми Жалал-Абад жана Ош облустарында — 19дан, Ысык-Көлдө — 10, Нарында — 7, Баткен жана Талас облустарында 6дан ишкана пайда болот. Ош шаарында — 7, ал эми Бишкекте 4 объектини ачуу пландалууда.