"Манас" эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулду

© Photo / Национальная академия "Манас"
Жазылуу
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Манас" эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулуп, анын бет ачары "Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылышынын алкагында өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, басылма индиялык окумуштуулар Хем Чандра Панде менен Рамакант Двиведи тарабынан Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баянынын негизинде даярдалган. Китепке "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтиги киргизилген.
"Манастын" хинди тилиндеги алгачкы толук котормосу кыргыз маданий мурасын Индияда жайылтууга жана эки өлкөнүн академиялык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара Кыргызстан менен Индиянын илимий, билим берүү жана маданий кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталып, ага эки өлкөнүн мамлекеттик өкүлдөрү, окумуштуулар, дипломаттар, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.

1/4
© Photo / Национальная академия "Манас"
"Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылышы

2/4
© Photo / Национальная академия "Манас"
"Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылышы

3/4
© Photo / Национальная академия "Манас"
"Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылышы

4/4

Ошондой эле салтанатта "Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борбору расмий ачылды. Борбор эки өлкөнүн эпикалык мурастарын жана цивилизациялык процесстерин изилдөө, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаш окумуштууларды даярдоо багытында иш жүргүзөт.
Иш-чаранын алкагында "Манас" улуттук академиясы, Эл аралык мамилелерди изилдөө борбору (CSIR) жана Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу келишимдерге кол коюлду.