https://sputnik.kg/20260706/yevropa-akshga-tayana-albayt-1102252468.html
Европа мындан ары АКШга таяна албайт. ЕК менен НАТОнун билдирүүсү
Европа мындан ары АКШга таяна албайт. ЕК менен НАТОнун билдирүүсү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Европа коопсуздук маселесинде мындан ары АКШга ишене албайт. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон... 06.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-06T09:47+0600
2026-07-06T09:47+0600
2026-07-06T09:47+0600
дүйнөдө
акш
европа
нато
коопсуздук
урсула фон дер ляйен
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082148181_0:508:2735:2047_1920x0_80_0_0_ad0e16d3c4d1baab0123bb1cad075f03.jpg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Европа коопсуздук маселесинде мындан ары АКШга ишене албайт. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин бирглешкен билдирүүсүн Economist жарыялады. Алардын айтымында, Европа көп жылдар бою коргонуу маселесинде АКШга таянып келген. Бирок азыр ал доор аяктап, Европа өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү керек. Жекшемби күнү НАТОнун мурдагы башкы катчысы Йенс Столтенберг келечекте Түндүк Атлантика альянсынын сакталып калышы кепилденбегенин айтып, Европадагы НАТОго мүчө өлкөлөрдү коргонууга бөлүнгөн чыгымды көбөйтүүгө чакырды. Анын айтымында, бул АКШнын альянстан чыгып кетишин алдын алууга жардам бериши мүмкүн. АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу Кошмо Штаттар альянстан чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирген. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу бул маселени кызытып жиберген. Март айында ал НАТОго мүчө өлкөлөрдү Ормуз кысыгын ачууга жардам берүү үчүн аскердик кемелерин жөнөтүүгө чакырган. Бирок Германия, Франция жана Испания бул сунуштан баш тартышкан. Ал эми Улуу Британия, Трамптын айтымында, макулдугун өтө кеч берген. АКШ лидери НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн мындай позициясын "коркоктук" деп атап, эске аларын билдирген.
https://sputnik.kg/20260507/aksh-evropa-terrorizm-korkunuch-1101157959.html
акш
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082148181_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_f93868fa7f6508444e356a18043e211f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, европа, нато, коопсуздук, урсула фон дер ляйен
дүйнөдө, акш, европа, нато, коопсуздук, урсула фон дер ляйен
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Европа коопсуздук маселесинде мындан ары АКШга ишене албайт. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин бирглешкен билдирүүсүн
Economist жарыялады.
Алардын айтымында, Европа көп жылдар бою коргонуу маселесинде АКШга таянып келген. Бирок азыр ал доор аяктап, Европа өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү керек.
Жекшемби күнү НАТОнун мурдагы башкы катчысы Йенс Столтенберг келечекте Түндүк Атлантика альянсынын сакталып калышы кепилденбегенин айтып, Европадагы НАТОго мүчө өлкөлөрдү коргонууга бөлүнгөн чыгымды көбөйтүүгө чакырды. Анын айтымында, бул АКШнын альянстан чыгып кетишин алдын алууга жардам бериши мүмкүн.
"НАТОнун алкагында Европа өзүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда керек боло турган мүмкүнчүлүктөр боюнча АКШга өтө эле көз каранды болуп калды... Европа өзүнүн коргонуусунун негизги бөлүгүн башка өлкөгө жүктөп келген доор аяктады", — деп айтылат билдирүүдө.
АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу Кошмо Штаттар альянстан чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирген. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу бул маселени кызытып жиберген.
Март айында ал НАТОго мүчө өлкөлөрдү Ормуз кысыгын ачууга жардам берүү үчүн аскердик кемелерин жөнөтүүгө чакырган. Бирок Германия, Франция жана Испания бул сунуштан баш тартышкан. Ал эми Улуу Британия, Трамптын айтымында, макулдугун өтө кеч берген.
АКШ лидери НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн мындай позициясын "коркоктук" деп атап, эске аларын билдирген.