https://sputnik.kg/20260706/darylardyn-baasy-kozomoldonot-1102253831.html
Кыргызстанда дары-дармектин баасын көтөргөндөргө айып салуу сунушталды
Кыргызстанда дары-дармектин баасын көтөргөндөргө айып салуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Мамлекет маанилүү дарылардын баасын көзөмөлдөшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору... 06.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-06T10:24+0600
2026-07-06T10:24+0600
2026-07-06T10:24+0600
кыргызстан
дары-дармек
мыйзам долбоору
коомдук талкуу
көзөмөл
айып салуу
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/08/1089311847_0:220:3076:1950_1920x0_80_0_0_0e5823011bd98fceaf302e16a8962892.jpg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Мамлекет маанилүү дарылардын баасын көзөмөлдөшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кыргызстанда дары-дармектерди милдеттүү санариптик маркалоо жана аларды көзөмөлдөө системасы этап-этабы менен киргизилет. Анда ар бир дарыга санариптик белги (марка) коюлат, тагыраагы, ар бир дарынын өзүнүн атайын QR-коду же санариптик белгиси болот. Бул аркылуу дары каякта өндүрүлгөнү, ким импорттогону, кайсы кампага жана дарыканага барганы, качан сатылганы толук көзөмөлдөнөт. Мындан тышкары, рецепт менен берилүүчү дары-дармектерди электрондук рецепт аркылуу гана берүү сунушталууда. Тагыраагы, дарыгер жазган рецепттер баракка түшүрүлбөй, электрондук система аркылуу берилет. Демилгечилер мындай жол менен рецепт жасалмаланбайт, кайсы дары кимге жазылганы көрүнөт жана дарыны туура пайдалануу көзөмөлдөнөт деп эсептейт. Электрондук рецепттерди колдонуу тартибин жана мөөнөтүн министрлер кабинети аныктайт. Документте ошондой эле жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин баасын мамлекеттик жөнгө салуу дагы каралган. Ага ылайык, өкмөт мындай дарылар үчүн дүң жана чекене бааны белгилеп, аларды ошол баадан кымбат сатууга тыюу салынат. Мыйзам долбоорунда талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик да каралган. Тактап айтканда, маркаланбаган дары саткан жеке жактар 10 миң сом, юридикалык жактар 28 миң сом айып төлөйт. Дарынын жүгүртүлүшү боюнча маалыматты электрондук системага киргизбегендерге тиешелүүлүгүнө жараша 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин, ал эми жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди белгиленген баадан кымбат саткандарга 15 миң сомдон 35 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда.
https://sputnik.kg/20260405/salykchylar-12-mln-somduk-tovardyn-myjzamsyz-kirgizilishi-1100616043.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/08/1089311847_173:0:2902:2047_1920x0_80_0_0_73c8bb7a30cd6ef28be58cd1d2c9efff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дары-дармек, мыйзам долбоору, коомдук талкуу, көзөмөл, айып салуу
кыргызстан, дары-дармек, мыйзам долбоору, коомдук талкуу, көзөмөл, айып салуу
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Мамлекет маанилүү дарылардын баасын көзөмөлдөшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, Кыргызстанда дары-дармектерди милдеттүү санариптик маркалоо жана аларды көзөмөлдөө системасы этап-этабы менен киргизилет. Анда ар бир дарыга санариптик белги (марка) коюлат, тагыраагы, ар бир дарынын өзүнүн атайын QR-коду же санариптик белгиси болот. Бул аркылуу дары каякта өндүрүлгөнү, ким импорттогону, кайсы кампага жана дарыканага барганы, качан сатылганы толук көзөмөлдөнөт.
"2027-жылдын 1-январынан тарта бул талап жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге колдонулса, 2028-жылдын 1-январынан тартып өлкөдөгү бардык дары-дармектерди камтыйт", — деп айтылат документте.
Мындан тышкары, рецепт менен берилүүчү дары-дармектерди электрондук рецепт аркылуу гана берүү сунушталууда. Тагыраагы, дарыгер жазган рецепттер баракка түшүрүлбөй, электрондук система аркылуу берилет. Демилгечилер мындай жол менен рецепт жасалмаланбайт, кайсы дары кимге жазылганы көрүнөт жана дарыны туура пайдалануу көзөмөлдөнөт деп эсептейт. Электрондук рецепттерди колдонуу тартибин жана мөөнөтүн министрлер кабинети аныктайт.
Документте ошондой эле жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин баасын мамлекеттик жөнгө салуу дагы каралган. Ага ылайык, өкмөт мындай дарылар үчүн дүң жана чекене бааны белгилеп, аларды ошол баадан кымбат сатууга тыюу салынат.
Мыйзам долбоорунда талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик да каралган. Тактап айтканда, маркаланбаган дары саткан жеке жактар 10 миң сом, юридикалык жактар 28 миң сом айып төлөйт. Дарынын жүгүртүлүшү боюнча маалыматты электрондук системага киргизбегендерге тиешелүүлүгүнө жараша 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин, ал эми жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди белгиленген баадан кымбат саткандарга 15 миң сомдон 35 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда.