https://sputnik.kg/20260705/polsha-kiev-raketa-chyr-1102243821.html
Польшада Киевге жашыруун жөнөтүлгөн ракеталардан улам чыр чыкты
Польшада Киевге жашыруун жөнөтүлгөн ракеталардан улам чыр чыкты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Польша өкмөтү Украинага ыраакка атылуучу Patriot ракеталарын жашыруун берип жүргөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкө парламентинин... 05.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-05T16:48+0600
2026-07-05T16:48+0600
2026-07-05T16:48+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
польша
украина
ракета
парламент
мыйзам
курал-жарак
россия
https://sputnik.kg/img/07ea/07/05/1102243426_0:34:745:453_1920x0_80_0_0_ad67da19859224e07480fd4e46e4b02f.jpg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Польша өкмөтү Украинага ыраакка атылуучу Patriot ракеталарын жашыруун берип жүргөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкө парламентинин вице-спикери Кшиштоф Босак Kanał Zero телеканалынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды. Босак сейм депутаттарын парламенттин макулдугусуз чет жакка курал-жарак чыгарууга тыюу салган мыйзам кабыл алууга чакырган. Ал эми Польша президентинин канцеляриясынын башчысы Збигнев Богуцкийдин айтымында, курал-жарак өлкө башчысы Кароль Навроцкийден кыйгап өтүп, өкмөттүн уруксаты менен жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Июнда New York Times Украинада Patriot системалары үчүн ракеталар жетишсиз болуп жатканын жазган. Зеленский өлкөнүн абадан коргонуу системасы баллистикалык ракеталарга туруштук бере албай жатканын моюндаган эле. Россия Украинага курал-жарак жөнөтүү абалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатканын айтып келет. Кремль Батыштын Киевди курал менен камсыздоосу сүйлөшүүнү оорлотуп, кырдаалга терс таасир этерин бир нече ирет билдирген.
https://sputnik.kg/20260702/batysh-rossiya-menen-sogush-1102198269.html
польша
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/05/1102243426_48:0:696:486_1920x0_80_0_0_63b3029d6201149d388a1f042b977dd4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, польша, украина, ракета, парламент, мыйзам, курал-жарак, россия
дүйнөдө, польша, украина, ракета, парламент, мыйзам, курал-жарак, россия
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Польша өкмөтү Украинага ыраакка атылуучу Patriot ракеталарын жашыруун берип жүргөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкө парламентинин вице-спикери Кшиштоф Босак Kanał Zero телеканалынын эфиринде билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Өкмөт Польшанын абадан коргонуу системасына өтө керектүү болгон Patriot ракеталарын жашыруун жөнөтүп турган деген маалымат түштү. Эгер бул чындык болсо, анда чоң жаңжал тутанат", — деди ал.
Босак сейм депутаттарын парламенттин макулдугусуз чет жакка курал-жарак чыгарууга тыюу салган мыйзам кабыл алууга чакырган.
Ал эми Польша президентинин канцеляриясынын башчысы Збигнев Богуцкийдин айтымында, курал-жарак өлкө башчысы Кароль Навроцкийден кыйгап өтүп, өкмөттүн уруксаты менен жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирди.
"МиГ ракеталарынын окуясын эске түшүрсөк болчудай. Анда да президентти кабардар кылышкан эмес", — деген Богуцкий Polsat News басылмасына маек куруп жатып.
Июнда New York Times Украинада Patriot системалары үчүн ракеталар жетишсиз болуп жатканын жазган. Зеленский өлкөнүн абадан коргонуу системасы баллистикалык ракеталарга туруштук бере албай жатканын моюндаган эле.
Россия Украинага курал-жарак жөнөтүү абалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатканын айтып келет. Кремль Батыштын Киевди курал менен камсыздоосу сүйлөшүүнү оорлотуп, кырдаалга терс таасир этерин бир нече ирет билдирген.