https://sputnik.kg/20260629/1102141699.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Прокуратура "75чилердин каты" иши боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү... 29.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-29T19:00+0600
2026-06-29T19:00+0600
2026-06-29T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1d/1102141533_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8e207da810dd61ad10522c03c44abe4d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Прокуратура "75чилердин каты" иши боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады. Буга чейин адвокат Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиев прокуратурага айыптоону колдоодон баш тартууну сунуштаганын билдирген. Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган мурдагы аткаминер, саясатчы жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Тургунбек уулуна кат жолдогон. Алар катында жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы айтылган. Президент алардын кылыгын сынга алып, коомчулукка жик салууга аракет деп айыптаган.
Министрлер кабинетинде өлкөнү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо боюнча жыйын өттү. Анда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев майдын запасы жана баалар тууралуу маалымат алды. Жыйында күйүүчү майды бир эле булактан албай, башка өлкөлөрдөн да ташып келүү (диверсификациялоо) иштери жакшы натыйжа бере баштаганы айтылды. Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, бир катар жаңы багыттар боюнча конкреттүү келишимдер түзүлдү, бул күйүүчү май рыногундагы кырдаалды туруктуу кармап турууга жардам берет. Касымалиев тиешелүү органдарга бензин менен солярканын келишине күн сайын көзөмөл салып, бул маселе боюнча жума сайын отчет берип турууну тапшырды.
1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларына “Баткен согушу” деген макам берилип, ага катышкандар ардагер статусун алышы мүмкүн Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык төмөнкүлөр сунушталууда: 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларына “Баткен согушу” деген расмий макам берилет Ага катышкан аскерлер, милиция, чек арачы, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери согуш ардагери катары таанылат Ардагерлер жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүүнүн жол-жобосу аныкталат
Батыш элитасы Россиянын ичинде ички чыр-чатактарды чыгарууга аракет кылып жатат, бирок алардын бул оюнан эч нерсе чыккан жок деп билдирди РФ президенти Владимир Путин. Учурда Москвада "Единая Россия" партиясынын XXIII курултайынын биринчи этабы өтүүдө. Анда Мамлекеттик Думанын тогузунчу чакырылышынын депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү пландалууда. Путин дүйнөдө аймактык кагылышуулар көбөйүп, мамлекеттер менен элдердин ортосундагы кадимки, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жасалма тоскоолдуктар жаралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул чектөөлөр экономика, технология, илим, ал тургай маданият, спорт жана жалпы эле гуманитардык байланыштарга кедергисин тийгизүүдө. Президент кошумчалагандай, Россия өзүнүн өнүгүүсүн чектөөгө багытталган бардык аракеттерге ишенимдүү түрдө каршы турууда. РФ өз элинин аркасы менен бутуна бекем турат жана өз келечеги үчүн күрөшүүгө даяр экенин Путин өзгөчө белгиледи.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 68 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.
29-июндан 30-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +29...+31, Ош, Жалал-Абад, облустарында +32...+37, Баткенде +30...+35, Ысык-Көл аймагында +26...+31, Нарын регионунда +25...+30 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градусту көрсөтөт.
Прокуратура "75чилердин каты" иши боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады. Буга чейин адвокат Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиев прокуратурага айыптоону колдоодон баш тартууну сунуштаганын билдирген. Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган мурдагы аткаминер, саясатчы жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Тургунбек уулуна кат жолдогон. Алар катында жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы айтылган. Президент алардын кылыгын сынга алып, коомчулукка жик салууга аракет деп айыптаган. Министрлер кабинетинде өлкөнү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо боюнча жыйын өттү. Анда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев майдын запасы жана баалар тууралуу маалымат алды. Жыйында күйүүчү майды бир эле булактан албай, башка өлкөлөрдөн да ташып келүү (диверсификациялоо) иштери жакшы натыйжа бере баштаганы айтылды. Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, бир катар жаңы багыттар боюнча конкреттүү келишимдер түзүлдү, бул күйүүчү май рыногундагы кырдаалды туруктуу кармап турууга жардам берет. Касымалиев тиешелүү органдарга бензин менен солярканын келишине күн сайын көзөмөл салып, бул маселе боюнча жума сайын отчет берип турууну тапшырды.1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларына “Баткен согушу” деген макам берилип, ага катышкандар ардагер статусун алышы мүмкүн Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык төмөнкүлөр сунушталууда: 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларына “Баткен согушу” деген расмий макам берилет Ага катышкан аскерлер, милиция, чек арачы, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери согуш ардагери катары таанылат Ардагерлер жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүүнүн жол-жобосу аныкталатБатыш элитасы Россиянын ичинде ички чыр-чатактарды чыгарууга аракет кылып жатат, бирок алардын бул оюнан эч нерсе чыккан жок деп билдирди РФ президенти Владимир Путин. Учурда Москвада "Единая Россия" партиясынын XXIII курултайынын биринчи этабы өтүүдө. Анда Мамлекеттик Думанын тогузунчу чакырылышынын депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү пландалууда. Путин дүйнөдө аймактык кагылышуулар көбөйүп, мамлекеттер менен элдердин ортосундагы кадимки, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жасалма тоскоолдуктар жаралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул чектөөлөр экономика, технология, илим, ал тургай маданият, спорт жана жалпы эле гуманитардык байланыштарга кедергисин тийгизүүдө. Президент кошумчалагандай, Россия өзүнүн өнүгүүсүн чектөөгө багытталган бардык аракеттерге ишенимдүү түрдө каршы турууда. РФ өз элинин аркасы менен бутуна бекем турат жана өз келечеги үчүн күрөшүүгө даяр экенин Путин өзгөчө белгиледи.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 68 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.29-июндан 30-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +29...+31, Ош, Жалал-Абад, облустарында +32...+37, Баткенде +30...+35, Ысык-Көл аймагында +26...+31, Нарын регионунда +25...+30 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1d/1102141533_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9972ceb9c2af7c20cc8a9533b81d2346.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио