00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Завещание не запрещает продать имущество — юрист о главных заблуждениях о наследстве
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:08
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда жарандар пенсиялык топтомосун ипотека, үлүштүк курулуш жана дарылануу үчүн бир нече жолу пайдалана алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, ипотека же үлүштүк курулуш үчүн алына турган пенсиялык топтомонун эң аз өлчөмү пайыздары менен кошо 50 миң сомду түзүшү керек. Бул үчүн жаран алгач Социалдык фонддун аймактык башкармалыгынан жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражат тууралуу көчүрмө алат. Андан соң бул документти банкка же курулуш компаниясына тапшырып, ипотекалык насыяны алуу же төлөө, же болбосо үлүштүк курулушка катышуу тууралуу ырастоочу кат алууга тийиш. Андан кийин бардык керектүү документтер Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына өткөрүлөт.
Бишкек мэриясы жаңы үйлөнгөн жубайларга арналган "Сүйүү дарагы" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизди. Анын алкагында жаш түгөйлөр үй-бүлө курган күнүнө карата бак отургуза алышат. Катышуу үчүн мэриянын расмий сайтындагы "Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу" бөлүмүнө кеминде эки жума мурда арыз калтыруу керек. Жубайлар өздөрү бак отургуза турган күндү, убакытты жана жерди тандап, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүшөт. Ошондой эле бак отургузууга белек сертификатын да сатып алууга болот. Катышуунун баасы 10-апрелден 25-октябрга чейин жабык тамырлуу көчөттөр үчүн 15 миң 500 сомду түзөт. Ал эми 10-марттан 10-апрелге чейин жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин ачык тамырлуу көчөттөрдү отургузуунун баасы 7 миң 800 сом болот.
Ысык-Көлгө медузалар коё берилди делген видеого министрлик түшүндүрмө берди Соцтармакта жигиттер медузаларды сууга коё берген видео тараган. Бул көрүнүш Бостериде тартылганы айтылган эле. Бирок Жаратылыш министрлиги бул видео Ысык-Көлдө эмес, Вьетнамда тартылганын билдирди. Министрлик көлдүн экосистемасына сырттан кандайдыр бир жандыктарды алып келип кошуу кооптуу экенин эскертти. Мындан тышкары, адистер туздуулугу төмөн болгондуктан, медузалар Ысык-Көлдүн суусунда баары бир жашап кете албасын кошумчалашты.
Бүгүн украин элинин мээсин калп менен толтуруп жатышат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналына жазды. Ал Киевде чыккынчы катары эсептелген гетман Иван Мазепага эстелик орнотулушун айыптады. Буга чейин Владимир Зеленский эстелик Шевченко атындагы бульварга коюларын кабарлаган болчу. Захарованын айтымында, акын Шевченко Мазепаны өз чыгармаларында “каргышка калган”, “ит” деп сыпаттаган. Тышкы саясат мекемесинин өкүлү кошумчалагандай, гетмандын тагдыры “украин элинин улуу уулу Тарас Шевченко” менен бир жерге байланышып калышы — өз ата-бабаларына кезектеги жолу чыккынчылык кылган “наркодиктатордун” гана чечиминен улам болду. Иван Мазепа (Мазепа-Колединский) 1687-жылы гетман болуп шайланып, узак убакыт бою Россия падышасы Петр Iнин эң жакын санаалаштарынын бири катары эсептелип келген. Кийинчерээк ал Швециянын падышасы Карл XII менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Түндүк согушунда Россияга каршы тарапка ачык эле өтүп кеткен. Убакыттын өтүшү менен Мазепанын көптөгөн тарапташтары кайра Россия тарапка кайтышкан, ал эми анын өзүнүн падышага кайра багынуу тууралуу сүйлөшүү аракеттерин Петр I четке каккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0