https://sputnik.kg/20260629/1102132412.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы спикер Марлен Маматалиевдин айыптоолорун четке какты. Бишкектин Биринчи май райондук сотуна... 29.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-29T13:00+0600
2026-06-29T13:00+0600
2026-06-29T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1d/1102132246_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a27f7e302676b8e87ae8a91b87d1355f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы спикер Марлен Маматалиевдин айыптоолорун четке какты. Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кирип баратып Тургунбек уулу Маматалиевдин айткандары чындыкка дал келбеген "жомок" экенин белгиледи. "Өзү эле бир нерселерди айтып жатат. Мына, соттук иштердин жүрүшүндө деле бардыгы ал айткандай эмес, тескери чыгып жатат", — деди экс-спикер. Ошондой эле "2025-жылы өткөн парламенттик шайлоодо тизме түзүп, жакын адамдарына мандат алууга шарт түзгөн" деген сөздөрдү төгүндөп, шайлоодон кийин утуп чыккан айрым талапкерлер менен жолукканын, бирок анда Жогорку Кеңеште кызмат бөлүштүрүү маселеси талкууланбаганын кошумчалады. Мындан сырткары, Нурланбек Тургунбек уулу өзүнө коюлуп жаткан "бийликти күч менен басып алуу" айыбын четке какты. "Өзүм бийликте туруп, өзүмдүн бийлигимди өзүм басып аламбы? Мунун баары абсурд", — деди ал. Белгилей кетсек, буга чейин Маматалиев Тургунбек уулун соңку парламенттик шайлоодо өзүнө жакын саясатчылардын тизмесин түзүп, алардын мандат алышына жардам бергенин айткан.
“Түндүк” тиркемесинде күрөөнү онлайн алып салуу мүмкүн болот Минкабдын маалыматына ылайык, кыймылсыз мүлк менен байланышкан кредиттерде күрөөнү (залогду) алып салуу эң көп жасалган иштердин бири. Азыр адамдар бул үчүн банкка барып, документ алып, мамлекеттик органдарда кезек күтүшөт. Эми бул процесс “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Жарандарга эч жакка баруунун кереги жок болот. Мурда 2 күнгө чейин созулган иш эми 5 сааттын ичинде бүтөт.
Кыргызстанда алгачкы жолу Баткен менен Ысык-Көлдү түз байланыштырган сезондук авиакаттам ачылат. Asman Airlines авиакомпаниясы 16-июлдан 3-сентябрга чейин Баткен — Тамчы — Баткен багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизерин маалымдады. Жаңы каттамдын аркасында Баткен облусунун тургундары Ысык-Көлдүн жээгине болжол менен бир саатта жетип, мурдагыдай бир нече саат жол жүрүүгө муктаж болбойт. Рейстер ар аптанын бейшемби күнү түшкө чейин аткарылат. Бир тарапка билеттин баасы 6 миң 500 сомдон башталат. Бул баадагы билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты же мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиясыз сатып алууга болот.
АКШ президенти Дональд Трамптын уулдарына жарым-жартылай таандык Dominari Securities компаниясынын инвесторлору Казакстандагы вольфрам казуу долбооруна байланыштуу корпоративдик түзүмдөн 20 пайыздык үлүшкө ээ болушту. Бул тууралуу New York Times жазды. Басылманын маалыматына караганда, былтыр сентябрда АКШнын соода министри Говард Латник менен президент Трамп Касым-Жомарт Токаевди америкалык анча белгилүү эмес компанияга дүйнөдөгү эң ири өздөштүрүлө элек вольфрам кендеринин бирине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө көндүрүшкөн. NYT белгилегендей, АКШ президентинин эки улуу уулу — кенже Дональд Трамп менен Эрик Трампка жарым-жартылай таандык болгон Dominari Securities компаниясынын инвесторлору өнөктөштөрү менен биргеликте казакстандык долбоорго байланыштуу корпоративдик түзүмдөн 20 пайыздык үлүшкө ээ болушкан. Ошондой эле Латниктердин үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн Cantor Fitzgerald инвестициялык компаниясы долбоорго байланышкан түзүм үчүн 210 миллион доллар тартууга көмөк көрсөткөнү айтылат.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы спикер Марлен Маматалиевдин айыптоолорун четке какты. Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кирип баратып Тургунбек уулу Маматалиевдин айткандары чындыкка дал келбеген "жомок" экенин белгиледи. "Өзү эле бир нерселерди айтып жатат. Мына, соттук иштердин жүрүшүндө деле бардыгы ал айткандай эмес, тескери чыгып жатат", — деди экс-спикер. Ошондой эле "2025-жылы өткөн парламенттик шайлоодо тизме түзүп, жакын адамдарына мандат алууга шарт түзгөн" деген сөздөрдү төгүндөп, шайлоодон кийин утуп чыккан айрым талапкерлер менен жолукканын, бирок анда Жогорку Кеңеште кызмат бөлүштүрүү маселеси талкууланбаганын кошумчалады. Мындан сырткары, Нурланбек Тургунбек уулу өзүнө коюлуп жаткан "бийликти күч менен басып алуу" айыбын четке какты. "Өзүм бийликте туруп, өзүмдүн бийлигимди өзүм басып аламбы? Мунун баары абсурд", — деди ал. Белгилей кетсек, буга чейин Маматалиев Тургунбек уулун соңку парламенттик шайлоодо өзүнө жакын саясатчылардын тизмесин түзүп, алардын мандат алышына жардам бергенин айткан. “Түндүк” тиркемесинде күрөөнү онлайн алып салуу мүмкүн болот Минкабдын маалыматына ылайык, кыймылсыз мүлк менен байланышкан кредиттерде күрөөнү (залогду) алып салуу эң көп жасалган иштердин бири. Азыр адамдар бул үчүн банкка барып, документ алып, мамлекеттик органдарда кезек күтүшөт. Эми бул процесс “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Жарандарга эч жакка баруунун кереги жок болот. Мурда 2 күнгө чейин созулган иш эми 5 сааттын ичинде бүтөт.Кыргызстанда алгачкы жолу Баткен менен Ысык-Көлдү түз байланыштырган сезондук авиакаттам ачылат. Asman Airlines авиакомпаниясы 16-июлдан 3-сентябрга чейин Баткен — Тамчы — Баткен багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизерин маалымдады. Жаңы каттамдын аркасында Баткен облусунун тургундары Ысык-Көлдүн жээгине болжол менен бир саатта жетип, мурдагыдай бир нече саат жол жүрүүгө муктаж болбойт. Рейстер ар аптанын бейшемби күнү түшкө чейин аткарылат. Бир тарапка билеттин баасы 6 миң 500 сомдон башталат. Бул баадагы билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты же мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиясыз сатып алууга болот. АКШ президенти Дональд Трамптын уулдарына жарым-жартылай таандык Dominari Securities компаниясынын инвесторлору Казакстандагы вольфрам казуу долбооруна байланыштуу корпоративдик түзүмдөн 20 пайыздык үлүшкө ээ болушту. Бул тууралуу New York Times жазды. Басылманын маалыматына караганда, былтыр сентябрда АКШнын соода министри Говард Латник менен президент Трамп Касым-Жомарт Токаевди америкалык анча белгилүү эмес компанияга дүйнөдөгү эң ири өздөштүрүлө элек вольфрам кендеринин бирине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө көндүрүшкөн. NYT белгилегендей, АКШ президентинин эки улуу уулу — кенже Дональд Трамп менен Эрик Трампка жарым-жартылай таандык болгон Dominari Securities компаниясынын инвесторлору өнөктөштөрү менен биргеликте казакстандык долбоорго байланыштуу корпоративдик түзүмдөн 20 пайыздык үлүшкө ээ болушкан. Ошондой эле Латниктердин үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн Cantor Fitzgerald инвестициялык компаниясы долбоорго байланышкан түзүм үчүн 210 миллион доллар тартууга көмөк көрсөткөнү айтылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1d/1102132246_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_be167d953463d75dc520463b5a8bbe25.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио