https://sputnik.kg/20260628/1-iyul-rossiya-viza-chet-eldik-zhany-erezhe-tirkeme-1102116370.html
1-июлдан тарта Россияга кирген чет элдиктер үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет
1-июлдан тарта Россияга кирген чет элдиктер үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. 1-июлдан тартып Россияга визасыз кире турган бардык чет өлкөлүк жарандар "Госуслуги RuID" тиркемесин колдонууга милдеттүү болот. Бул... 28.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-28T10:40+0600
2026-06-28T10:40+0600
2026-06-28T11:03+0600
дүйнөдө
россия
визасыз режим
чет өлкөлүктөр
эреже
тиркеме
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1f/1067413885_0:103:3072:1831_1920x0_80_0_0_7706143a2d0f6f8ee689d307b5e277da.jpg
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. 1-июлдан тартып Россияга визасыз кире турган бардык чет өлкөлүк жарандар "Госуслуги RuID" тиркемесин колдонууга милдеттүү болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Мамлекеттик думанын көзөмөл боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Гусев ("Справедливая Россия" партиясы) билдиргенин жазды. Анын айтымында, Россиянын аймагына кирүүнү пландаган адам тууралуу мамлекет алдын ала анын ким экенин, кандай максат менен бара жатканын, канча мөөнөткө келерин жана өлкөгө кирүүгө тыюу салууга негиз бар-жогун билиши керек. Бул миграциялык процесстерди ачык-айкын кылууга жардам берген заманбап санариптик тажрыйба экенин белгилеген.Ал ошондой эле бул санариптик тартип мыйзамсыз миграцияны азайтууга, чет өлкөлүктөр тууралуу маалыматтарды ыкчам текшерүүгө жана алар менен иштешүүнүн натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөрүн белгиледи.
https://sputnik.kg/20260623/rf-akiykatchy-uku-korgoo-1102031373.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1f/1067413885_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_6d323e56de38e60afc1b8c79d7613efa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, визасыз режим, чет өлкөлүктөр, эреже, тиркеме
дүйнөдө, россия, визасыз режим, чет өлкөлүктөр, эреже, тиркеме
1-июлдан тарта Россияга кирген чет элдиктер үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет
10:40 28.06.2026 (Жаңыртылды: 11:03 28.06.2026) БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. 1-июлдан тартып Россияга визасыз кире турган бардык чет өлкөлүк жарандар "Госуслуги RuID" тиркемесин колдонууга милдеттүү болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Мамлекеттик думанын көзөмөл боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Гусев ("Справедливая Россия" партиясы) билдиргенин жазды.
"1-июлдан баштап Россияда өлкөнүн аймагына визасыз кирген чет өлкөлүк жарандар "Госуслуги RuID" тиркемесин колдонушу керек деген талап күчүнө кирет. Бул тартипти камсыздоо жана коопсуздукту чыңдоо үчүн керек", — деген Гусев.
Анын айтымында, Россиянын аймагына кирүүнү пландаган адам тууралуу мамлекет алдын ала анын ким экенин, кандай максат менен бара жатканын, канча мөөнөткө келерин жана өлкөгө кирүүгө тыюу салууга негиз бар-жогун билиши керек. Бул миграциялык процесстерди ачык-айкын кылууга жардам берген заманбап санариптик тажрыйба экенин белгилеген.
"Чет өлкөлүктөр Россияга келерден кеминде 72 саат мурун бул тууралуу билдирүү жөнөтүшү керек. Жаңы тартип Беларустун жарандарына, 6 жашка чейинки балдарга, дипломаттарга, кызматтык паспорт ээлерине жана расмий делегация мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Бул чектөө мыйзамга баш ийген жарандарга каршы багытталган эмес. Тескерисинче, мыйзамсыз миграцияны, көмүскө схемаларды алдын алууга жана мигранттар тууралуу маалыматты өлкөгө кире электе эле тактоого шарт түзөт", — деп билдирди эл өкүлү.
Ал ошондой эле бул санариптик тартип мыйзамсыз миграцияны азайтууга, чет өлкөлүктөр тууралуу маалыматтарды ыкчам текшерүүгө жана алар менен иштешүүнүн натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөрүн белгиледи.
"Бул мамлекет үчүн коопсуздук маселеси болсо, мыйзамды сактаган чет өлкөлүк жарандар үчүн өлкөгө кирүүнүн түшүнүктүү жана алдын ала белгилүү болгон тартибин камсыздайт", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.