https://sputnik.kg/20260628/-rkof-kyrgyz-ishkerleri-uchun-en-mykty-karzhyloo-bulagy-1102076979.html
РКӨФ каржылаган ири долбоор: Чүйдө жаңы тоок фабрикасы иштей баштады
РКӨФ каржылаган ири долбоор: Чүйдө жаңы тоок фабрикасы иштей баштады
Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунда "Кировец" тоок фабрикасы иштеп баштады. Долбоорду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылап, "Аталык" агрохолдинги жүзөгө ашырган. Каржы мекемеси 10... 28.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-28T18:40+0600
2026-06-28T18:40+0600
2026-06-28T18:52+0600
кыргызстан
чүй облусу
ркөф
каржы системасы
насыя
фабрика
жумуртка
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1b/1102112665_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_2a81389cff8d37fdc78ac6258b38a0a1.jpg
"Аталык" агрохолдингинин каржы директору Бекболот Укубаевдин айтымында, бул каражатка күнүнө 180 миңге чейин жумуртка өндүрө турган фабрика салынды. Ишканага чет өлкөдөн асыл тукум тооктор алып келинип, жумуртканы сорттоп, таңгактай турган заманбап өндүрүш ишке берилди.Белгилей кетсек, аталган ишкананын буга чейин да иштеп жаткан тоок фабрикалары болгон. Эми эски жана жаңы кубаттуулуктар биригип, республиканын ички керектөөсүнүн 15%ын камсыздайт. Жалпы үч өндүрүш аянтчасынан күнүнө жарым миллиондон ашык жумуртка жыйналат. Ишкана жакын арада Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын рынокторуна чыгууну пландап жатат.
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1b/1102112665_480:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_61fdd242b4d5c675ce83e3639e09df2a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, ркөф, каржы системасы, насыя, фабрика, жумуртка, видео, видео
кыргызстан, чүй облусу, ркөф, каржы системасы, насыя, фабрика, жумуртка, видео, видео
РКӨФ каржылаган ири долбоор: Чүйдө жаңы тоок фабрикасы иштей баштады
18:40 28.06.2026 (Жаңыртылды: 18:52 28.06.2026) Чүй облусунда "Кировец" тоок фабрикасы иштеп баштады. Долбоорду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылап, "Аталык" агрохолдинги жүзөгө ашырган. Каржы мекемеси 10 миллион доллар насыя берген.
"Аталык" агрохолдингинин каржы директору Бекболот Укубаевдин айтымында, бул каражатка күнүнө 180 миңге чейин жумуртка өндүрө турган фабрика салынды. Ишканага чет өлкөдөн асыл тукум тооктор алып келинип, жумуртканы сорттоп, таңгактай турган заманбап өндүрүш ишке берилди.
"Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду – кыргыз ишкерлери үчүн эң мыкты каржылоо булагы. Финансы мекемеси долбоорго кызыгып, айрым учурда биз менен кеңешип турат", — деп белгилеген ишкер.
Белгилей кетсек, аталган ишкананын буга чейин да иштеп жаткан тоок фабрикалары болгон. Эми эски жана жаңы кубаттуулуктар биригип, республиканын ички керектөөсүнүн 15%ын камсыздайт. Жалпы үч өндүрүш аянтчасынан күнүнө жарым миллиондон ашык жумуртка жыйналат. Ишкана жакын арада Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын рынокторуна чыгууну пландап жатат.