https://sputnik.kg/20260627/talasta-suuga-agyp-ketken-balany-izdoodo-kutkaruuchu-kaza-boldu-1102108203.html
Таласта сууга аккан баланы издеп жаткан куткаруучу каза болуп калды. Видео
Таласта сууга аккан баланы издеп жаткан куткаруучу каза болуп калды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Таласта сууга агып кеткен баланы издеш үчүн Бишкектен барган куткаруучулардын бири каза болуп калды. Бул тууралуу президенттин... 27.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-27T11:58+0600
2026-06-27T11:58+0600
2026-06-27T12:06+0600
кыргызстан
талас облусу
өкм
иим
издөө
куткаруучу
өлүм
https://sputnik.kg/img/07e4/09/1a/1049746340_0:61:1000:624_1920x0_80_0_0_953f6155e745b60d83643b795c763ccf.jpg
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Таласта сууга агып кеткен баланы издеш үчүн Бишкектен барган куткаруучулардын бири каза болуп калды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди. ӨКМ бул кабарды тастыктады. Дубан башчысы Эрмат Жумаев туташ кырсыктан улам Талас облусунун 82 жылдыгына арналган иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылганын айтты. Ал учурда Талас суусунда секундасына 50 кубдан ашык суу агып жатканын айткан. Ага карабай куткаруу иштери токтобой турганын белгилеген. Эске салсак, 15 жаштагы бала 23-июнда кырсыкка кабылган. Ошондон бери табылбай жатат.
https://sputnik.kg/20260626/kegeti-suuga-akkan-bala-sook-izdoo-1102100254.html
талас облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/1a/1049746340_0:0:1000:750_1920x0_80_0_0_a5071302171f031371bf8cf1f48e57bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, талас облусу, өкм, иим, издөө, куткаруучу, өлүм
кыргызстан, талас облусу, өкм, иим, издөө, куткаруучу, өлүм
Таласта сууга аккан баланы издеп жаткан куткаруучу каза болуп калды. Видео
11:58 27.06.2026 (Жаңыртылды: 12:06 27.06.2026) БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Таласта сууга агып кеткен баланы издеш үчүн Бишкектен барган куткаруучулардын бири каза болуп калды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди. ӨКМ бул кабарды тастыктады.
Дубан башчысы Эрмат Жумаев туташ кырсыктан улам Талас облусунун 82 жылдыгына арналган иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылганын айтты.
"Куткаруу иштерин мындан ары ӨКМ, ИИМ, чек ара аскерлери жана жергиликтүү бийлик атайын техникалардын күчү менен улантабыз. Суу абдан катуу келип жатат, андыктан катардагы жарандар, активисттер, ыктыярчылар сууга жолобогула", — деди аткаминер
Ал учурда Талас суусунда секундасына 50 кубдан ашык суу агып жатканын айткан. Ага карабай куткаруу иштери токтобой турганын белгилеген.
Эске салсак, 15 жаштагы бала 23-июнда кырсыкка кабылган. Ошондон бери табылбай жатат.