Ошто Уркуя Салиеванын музейине жаңы имарат салына баштады
10:55 27.06.2026 (Жаңыртылды: 11:26 27.06.2026)

© Фото / Министерство строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства КР
Жазылуу
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ноокат районунун (Ош облусу) Муркут айылында Уркуя Салиеванын мурдагы музейинин жаңы имараты салына баштады. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.

1/3
© Фото / Министерство строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства КР
Ноокат районунун (Ош облусу) Муркут айылында Уркуя Салиеванын музейине жаңы имарат салына баштады

2/3

Уркуя Салиева жаңы заманга умтулган кыргыз тарыхындагы чыгаан кыз-келиндердин көч баштоочусу. Аны таптык душмандар мууздап кеткен.

3/3

Жаңы музей тарыхты, маданий мурасты жана көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Уркуя Салиеванын өмүр жолун, өткөн-кеткенин сактоого кызмат кылмакчы.

Маалыматка караганда, жаңы имаратты эски музейдин жанына салынат. Анда көргөзмө залдары, экспонат коюла турган орундар, административдик жана көмөкчү бөлмөлөр каралган. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы музей тарыхты, маданий мурасты жана көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Уркуя Салиеванын өмүр жолун, өткөн-кеткенин сактоого кызмат кыларын билдирди.
Белгилей кетсек, Уркуя Салиева жаңы заманга умтулган кыргыз тарыхындагы чыгаан кыз-келиндердин көч баштоочусу. 1910-жылы (кээ бир маалыматтарда 1907-жылы) Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Тактек (Беш-Бурхан) кыштагында жарык дүйнөгө келген. Отузга чыкпай жатып эркиндик үчүн жанын берип, аялдардын укуктары үчүн күрөшкө катышып, колхоздорду уюштурууга жана сабатсыздыкты жоюуга салым кошкон. 1934-жылы жолдошу менен бирге совет бийлигине каршы күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн.