https://sputnik.kg/20260622/1102019893.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы... 22.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-22T19:00+0600
2026-06-22T19:00+0600
2026-06-22T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/16/1102019727_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eb51de28d6d254c814eb16796dc12b9d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саясий жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, эртең өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны маанилүү кадам болоруна ишеним артты. Ал эми Абдулла Арипов жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жеткирди. Ошондой эле ал эки мамлекеттин лидерлери буга чейин макулдашкан пландарды ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү жана эки элдин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-өзбек мамилесин достук, ынак коңшулук маанайда мындан ары да чыңдоону макулдашышты.
Уларбек Исмаилов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Уларбек Исмаилов 44 жашта. 2024-жылы Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары болгон. Быйыл март айында президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган. Калаанын мурдагы мэри Абдупата Маткаликов кызматынан үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда бошотулган болчу.
Өлкөдө май куюучу жайларда алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгенин максаты — мас болуп унаа айдоону алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу. Документтин негиздемесинде белгиленгендей, мындай чектөөлөр эл аралык практикада колдонулуп, өз натыйжасын берип келет. Учурдагы мыйзамда алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынган жерлердин тизмеси бар. Бирок ага май куюучу жана газ куюучу станциялар кирген эмес.
Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Никарагуа Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алдында байкоочу макамын алуу үчүн арыз беришти. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин билдирди. Анын айтымында, бардык кайрылуулар бирикменин белгиленген жол-жобосуна ылайык каралат. Чечим кабыл алуу үчүн ЕАЭБге мүчө болгон беш өлкөнүн тең макулдугу талап кылынат. Панкин Никарагуа талапкер өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, бул маселе боюнча өнөктөш мамлекеттер менен кошумча талкуулар жүргүзүлөрүн айтты. Буга чейин маалымат каражаттары ЕАЭБге байкоочу макамын алууга Мьянма менен Венесуэла да кызыгуусун билдиргенин жазышкан.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 13 тыйынга юань 12 сом 91 тыйынга рубль 1 сом 18 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 23-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл аймагында +23...+28, Нарын регионунда +22...+27 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош калаасында +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градусту көрсөтөт.
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саясий жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, эртең өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны маанилүү кадам болоруна ишеним артты. Ал эми Абдулла Арипов жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жеткирди. Ошондой эле ал эки мамлекеттин лидерлери буга чейин макулдашкан пландарды ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү жана эки элдин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-өзбек мамилесин достук, ынак коңшулук маанайда мындан ары да чыңдоону макулдашышты.Уларбек Исмаилов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Уларбек Исмаилов 44 жашта. 2024-жылы Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары болгон. Быйыл март айында президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган. Калаанын мурдагы мэри Абдупата Маткаликов кызматынан үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда бошотулган болчу. Өлкөдө май куюучу жайларда алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгенин максаты — мас болуп унаа айдоону алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу. Документтин негиздемесинде белгиленгендей, мындай чектөөлөр эл аралык практикада колдонулуп, өз натыйжасын берип келет. Учурдагы мыйзамда алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынган жерлердин тизмеси бар. Бирок ага май куюучу жана газ куюучу станциялар кирген эмес. Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Никарагуа Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алдында байкоочу макамын алуу үчүн арыз беришти. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин билдирди. Анын айтымында, бардык кайрылуулар бирикменин белгиленген жол-жобосуна ылайык каралат. Чечим кабыл алуу үчүн ЕАЭБге мүчө болгон беш өлкөнүн тең макулдугу талап кылынат. Панкин Никарагуа талапкер өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, бул маселе боюнча өнөктөш мамлекеттер менен кошумча талкуулар жүргүзүлөрүн айтты. Буга чейин маалымат каражаттары ЕАЭБге байкоочу макамын алууга Мьянма менен Венесуэла да кызыгуусун билдиргенин жазышкан. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 13 тыйынга юань 12 сом 91 тыйынга рубль 1 сом 18 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.АБА ЫРАЙЫ 23-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл аймагында +23...+28, Нарын регионунда +22...+27 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош калаасында +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/16/1102019727_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_de2cf875579a07ae179a88c0ae44d960.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио