https://sputnik.kg/20260622/1102017308.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз чечими менен тапшырганын айтты. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди. Экс-президенттин... 22.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-22T17:00+0600
2026-06-22T17:00+0600
2026-06-22T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/16/1102017142_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c0c8d205fe6fbde01822465fe6c3d530.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз чечими менен тапшырганын айтты. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди. Экс-президенттин айтымында, кызматтан кетүү чечими ошол учурдагы премьер болуп турган Садыр Жапаров менен 10 күн бою сүйлөшүүлөрдөн кийин гана кабыл алынган. “Муну баары билет. Мени эч ким коркуткан эмес. “Жээнбековду Ташиев коркутуп, арыз жаздырган” деген сөздөр — ошол учурду билбеген адамдардын ойлоп тапкан жомогу, жалган пикири. Эмне максат менен мындай айтып жатышканын түшүнбөйм. Мен муну ошол кездеги окуяларды ар ким өзүнчө бурмалабашы үчүн айтып жатам”, — деди ал “Кабарга” берген маегинде. Белгилей кетсек, саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде "Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган" дегени коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган. 2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Эртең, 23-июнда, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жетекчилиги астында эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйыны өтөт. Сүйлөшүүлөр тар чөйрөдө жана кеңири курамда жүргүзүлмөкчү. Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап, бир катар маанилүү документтерге кол коюшат.
Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты 22-25-июнь күндөрү күндүн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкө аймагында кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. "Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, быйыл жаан-чачын көп болуп, сел жүргөн, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп катталууда.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер Лейбористтер партиясынын лидерлигинен кетерин билдирди. Бул тууралуу ал Даунинг-стриттеги резиденциясынын алдында элге кайрылып жатып айтты. Өкмөттүн жаңы башчысын шайлоо 9-июлда башталат. Жаңы премьер-министрди парламент сентябрда каникулдан кайтып, ишин жандантканга чейин шайлоо пландалууда. Стармер бул кызматта 2024-жылдын июль айынан бери иштеп келген. Май айындагы жергиликтүү шайлоодо партия утулуп калгандан кийин, жүзгө жакын лейборист-депутат премьерди кызматтан кетүүгө чакырган. Жума күнү Стармердин негизги атаандашы — Манчестердин мэри Энди Бернхэм премьерди ордунан түшүрүү максатында парламентке депутат болуп шайланып келгенден кийин, нааразы болгондордун саны ого бетер өстү. Британдык жалпыга маалымдоо каражаттары дал ушул Бернхэмди өкмөт башчылыкка негизги талапкер деп эсептешүүдө.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз чечими менен тапшырганын айтты. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди. Экс-президенттин айтымында, кызматтан кетүү чечими ошол учурдагы премьер болуп турган Садыр Жапаров менен 10 күн бою сүйлөшүүлөрдөн кийин гана кабыл алынган. “Муну баары билет. Мени эч ким коркуткан эмес. “Жээнбековду Ташиев коркутуп, арыз жаздырган” деген сөздөр — ошол учурду билбеген адамдардын ойлоп тапкан жомогу, жалган пикири. Эмне максат менен мындай айтып жатышканын түшүнбөйм. Мен муну ошол кездеги окуяларды ар ким өзүнчө бурмалабашы үчүн айтып жатам”, — деди ал “Кабарга” берген маегинде. Белгилей кетсек, саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде "Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган" дегени коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган. 2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон.Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Эртең, 23-июнда, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жетекчилиги астында эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйыны өтөт. Сүйлөшүүлөр тар чөйрөдө жана кеңири курамда жүргүзүлмөкчү. Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап, бир катар маанилүү документтерге кол коюшат. Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты 22-25-июнь күндөрү күндүн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкө аймагында кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. "Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, быйыл жаан-чачын көп болуп, сел жүргөн, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп катталууда. Британиянын премьер-министри Кир Стармер Лейбористтер партиясынын лидерлигинен кетерин билдирди. Бул тууралуу ал Даунинг-стриттеги резиденциясынын алдында элге кайрылып жатып айтты. Өкмөттүн жаңы башчысын шайлоо 9-июлда башталат. Жаңы премьер-министрди парламент сентябрда каникулдан кайтып, ишин жандантканга чейин шайлоо пландалууда. Стармер бул кызматта 2024-жылдын июль айынан бери иштеп келген. Май айындагы жергиликтүү шайлоодо партия утулуп калгандан кийин, жүзгө жакын лейборист-депутат премьерди кызматтан кетүүгө чакырган. Жума күнү Стармердин негизги атаандашы — Манчестердин мэри Энди Бернхэм премьерди ордунан түшүрүү максатында парламентке депутат болуп шайланып келгенден кийин, нааразы болгондордун саны ого бетер өстү. Британдык жалпыга маалымдоо каражаттары дал ушул Бернхэмди өкмөт башчылыкка негизги талапкер деп эсептешүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/16/1102017142_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_76e4c2886e6c320e9cdba88e44eb9bbf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио