00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
41 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:44
14 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
День скорби и памяти: что предшествовало началу Великой Отечественной войны
18:10
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медиатор бул – данакер. Кыргызстанда медиация институту кандай иштейт?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Никарагуа Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алдында байкоочу макамын алуу үчүн арыз беришти. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин билдирди. Анын айтымында, бардык кайрылуулар бирикменин белгиленген жол-жобосуна ылайык каралат. Чечим кабыл алуу үчүн ЕАЭБге мүчө болгон беш өлкөнүн тең макулдугу талап кылынат. Панкин Никарагуа талапкер өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, бул маселе боюнча өнөктөш мамлекеттер менен кошумча талкуулар жүргүзүлөрүн айтты. Буга чейин маалымат каражаттары ЕАЭБге байкоочу макамын алууга Мьянма менен Венесуэла да кызыгуусун билдиргенин жазышкан. ЕАЭБдеги байкоочу макамы өлкөлөргө добуш берүү укугун бербегени менен биримдик органдарынын жыйындарына катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул формат интеграциянын баштапкы баскычы катары каралып, мамлекеттерге биримдиктин ишмердүүлүгүн ичинен таанып-билүүгө жол ачат.
Кыргызстанда соода үчүн патентти мындан ары онлайн-режимде алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ал үчүн мекеменин cabinet.salyk.kg сайтына кирүү керек. Базардан тыш жактарда иштеген ишкерлер (дүкөн, кафе, онлайн-сатуу же өзүнчө жайда иштеген адамдар) жылына канча табарын өзү айтат, патенттин баасы ошого жараша эсептелет. Кошумча маалыматты Мамлекеттик салык кызматы же анын аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот.
Алайда энеси менен 12 жаштагы кызын коюп кеткен кырсык катталды.Ош облусунун Алай районундагы Датка айыл аймагына караган Ташлак айылында аял киши энеси менен кызын коюп кеткен. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Буга чейин соцтармакта окуянын видеосу тараган. Андан автоунаа бурулуп келип, көчөдө ойноп жаткан балдарды койдуруп кеткенин көрүүгө болот. Төрт баланын жабыркаганы айтылган. Милиция кырсык 21-июнь күнү кечинде болгонун билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, Audi айдап бараткан 46 жаштагы И.А. Фуркат айылынын 35 жаштагы Т.Н. аттуу тургунун жана анын 12 жаштагы кызын коюп кеткен.
Европарламенттеги Renew Europe фракциясынын жетекчилиги ирак тектүү евродепутат Абир Аль-Сахланинин дарегине айтылган сөздөн кийин Европалык консерваторлор жана реформаторлор оңчул тобунун эки депутатын жазага тартууну талап кылды. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды. "Эгер эч кандай чара көрүлбөсө мындай жосундар жазаланбайт деген түшүнүк орноп калабы деп корком", — деген Renew Europe жетекчиси Валери Айе Европарламенттин жетекчиси Роберта Метсолага жазган катында.Жаңжал мигранттарды депортациялоо эрежелерин катаалдаштыруу тууралуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүүдөн кийин чыккан. Талкуудан соң Иракта төрөлгөн депутат Абир Аль-Сахлани Европарламентте мынчалык кооптуулукту буга чейин сезбегенин айтып чыккан эле.Мындан кийин финляндиялык депутат Себастьян Тюнккюнен Абир Аль-Сахланинин видеосун жарыялап, алдына cry more ("ыйлай түш") деп жазса, Даниядан шайланган Кристоффер Сторм "үйгө кайтышың керек" деген билдирүү калтырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0