00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жүк ташыган машинага чейин агызган. Өлкөнүн бир нече аймагында сел жүрдү. Видео

© AP Photo / Giannis PapanikosСел суулары. Архив
Сел суулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. 20-июнь күнү өлкөнүн бир нече аймагында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кээ бир райондордо тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Социалдык тармактарга тараган видеодон Ак-Талаа районунда нөшөрдөн кийинки сел оор жүк ташыган унааны агызып кеткенин көрүүгө болот.
Ушундай эле табигый кырсык Кара-Кулжанын Кызыл-Булак айылында катталган. Учурда айыл ичинде тазалоо иштери жүрүп жатат. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон эмес.
Ал эми Баткендин Ак-Сай айылында селден кийин өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
"Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде жалпы 20 турак жай жабыркаган. Беш үйдүн ичи, 15 тамдын жер төлөсүнө суу толуп калган. Мындан сырткары, 600 метр ички чарбалык жолду суу жеп кеткен. Эки турак үй авариялык абалга келип, жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Баткендин Ак-Татыр, Самаркандек жана Суу-Башы айылдарында да сел жүргөн.
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2026
ӨКМ өлкөдө дагы сел жүрөрүн эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0