Ысык-Көл эл аралык форумунун резолюциясы кабыл алынды. Урунттуу учурлары
14:29 20.06.2026 (Жаңыртылды: 11:49 22.06.2026)

© Sputnik / Антон Слонь
Жазылуу
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары атайын резолюция кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев форумдун жыйынында жарыялады.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 18-21-июнь күндөрү өтүп жаткан форумга дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген кадырлуу коноктор, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаттары, белгилүү окумуштуулар, маданият жана саясий ишмерлер катышты.
"Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тарабынан 1986-жылы негизделген бул форум бүгүнкү күндө глобалдык идеологиялык карама-каршылыктар курчуп турган шартта кайрадан күн тартибине коюлууда. Форум жаңыча ой жүгүртүү жана руханий экология концепцияларын өнүктүрүүгө, өзөктүк коркунучту азайтууга жана дүйнөлүк коомчулуктун трансформациясына таасир этүү максатын көздөйт", — деди Койчиев.
Мамлекеттик катчы окуган резолюцияда адамзат туш болгон геосаясий чыңалуу, куралдуу кагылышуулар, климаттык өзгөрүүлөр жана социалдык-экономикалык теңсиздик сыяктуу системалык кризистер белгиленип, негизги чечимдер кабыл алынганы айтылды.
Резолюциянын негизги пунктулары:
Жазуучунун руханий экология жана жакшылык кылуу идеяларына негизделген принциптерди улуттук жана аймактык өнүктүрүү стратегияларына интеграциялоо;
Мамлекет башчыларын согуштарды токтотууга жана чыр-чатактарды тынчтык, конструктивдүү диалог жолу менен чечүүгө чакыруу;
Эл аралык коомчулукту жана жергиликтүү коомчулукту жаратылышты коргоого жана биосфералык аймактарды сактоого үндөө;
Форумга эл аралык статус берүү жана ядросуз, коопсуз дүйнөнү жайылтуу боюнча өнөктөштөрдүн тизмесине киргизүү үчүн БУУга кайрылуу жолдоо;
Иш-чараны ар 4 жылда бир жолу Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүп туруу;
Ысык-Көл эл аралык форумунун коомдук башталышта иш жүргүзө турган Туруктуу координациялык кеңешин, катчылыгын Бишкек шаарында түзүү;
ЮНЕСКОго гуманизм, жазуучунун чыгармачылыгы, ошондой эле жергиликтүү жана глобалдык деңгээлдеги кайрымдуулук тууралуу заманбап басылмалар чагылдырыла турган "Ысык-Көл форуму" онлайн-альманахын түзүүнү сунуштоо;
Планетардык гуманизм экология жана маданий өзгөчөлүктүү сактоо темаларын иштеп чыккан жаш изилдөөлөр үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык стипендияны уюштуруу демилгесин көтөрүү;
Ушул резолюцияда көрсөтүлгөн сунуштар менен демилгелерди колдоо максатында абройлуу эл аралык уюмдарга жөнөтүү.
Мындан сырткары, жыйында 2028-жылды — Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине утурлай БУУ деңгээлинде "Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялоо демилгеси сунушталды.
