БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Туңгуч президент Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келди. Ал эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда. 19.06.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Туңгуч президент Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келди. Ал эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда. Эске салсак, Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан иш боюнча Аскар Акаевге 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн башкы келишим жана 2003-жылдагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшкөн жана шалаакылык кылган деген айыптар коюлган. 2021-жылдын август айында, 16 жыл өткөндөн кийин, Акаев Кыргызстанга келип, Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берген. Ал ошол эле жылдын декабрында дагы өлкөгө келген. Мурдагы президент маектеринин биринде укук коргоо органдары ага карата дооматтарын алып салганын билдирген. 2022-жылдын январь айынын ортосунда президент Садыр Жапаров Акаев эл алдындагы мурдагы каталары үчүн "күнөөсүн толугу менен жууганын" айткан. Кийинчерээк, бир жылдан соң, ага карата кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулгандыгы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Туңгуч президент Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келди. Ал эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда.
Эске салсак, Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан иш боюнча Аскар Акаевге 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн башкы келишим жана 2003-жылдагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшкөн жана шалаакылык кылган деген айыптар коюлган.
2021-жылдын август айында, 16 жыл өткөндөн кийин, Акаев Кыргызстанга келип, Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берген. Ал ошол эле жылдын декабрында дагы өлкөгө келген.
Мурдагы президент маектеринин биринде укук коргоо органдары ага карата дооматтарын алып салганын билдирген. 2022-жылдын январь айынын ортосунда президент Садыр Жапаров Акаев эл алдындагы мурдагы каталары үчүн "күнөөсүн толугу менен жууганын" айткан. Кийинчерээк, бир жылдан соң, ага карата кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулгандыгы белгилүү болгон.