https://sputnik.kg/20260618/mamataliyev-75chilerdin-katy-tuuraluu-1101942870.html
Маматалиев: "75чилердин каты" атайын буйрук менен келген
Маматалиев: "75чилердин каты" атайын буйрук менен келген
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңешке "75чилердин каты" атайын буйрук менен келген. Бул тууралуу парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев айтты. 18.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-18T11:13+0600
2026-06-18T11:13+0600
2026-06-18T11:13+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
кат
териштирүү
сот
марлен маматалиев
https://sputnik.kg/img/07ea/03/13/1100315931_0:0:2560:1441_1920x0_80_0_0_1a0a3797fd745b1bc3656fb135570655.jpg
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңешке "75чилердин каты" атайын буйрук менен келген. Бул тууралуу парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев айтты. Спикер ЖКга каттын кандай келгени боюнча толук маалымат ИИМге өткөрүлгөнүн, чечимди сот кабыл аларын айтты. Ал ошондой эле кат толугу менен Нурланбек Тургунбек уулу менен макулдашылып, кийин анын орун басарына жөнөтүлүп, андан ары комитетке түшүрүлгөнүн кошумчалады. "Билбей калдым, көрбөй калдым дегендер... Баары билген. Ал каттын багыты орто жолдо бузулуп кетти да, бузулбаганда эмне болот эле? Президенттик шайлоону эртерээк кылам деген ниет болгондур. Ага чейин коомчулукту даярдап жатканын билесиздер. Даярдык болуп жаткан", — деди төрага. Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган мурдагы аткаминер, саясатчы жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Тургунбек уулуна кат жолдогон. Алар катында жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы айтылган. Президент алардын кылыгын сынга алып, коомчулукка жик салууга аракет деп айыптаган. Кийин Маматалиев спикер болуп шайланган алгачкы күнү эле бул маселени териштиргенин билдирген.
https://sputnik.kg/20260617/iim-tashiev-surak-video-kantip-sotstarmakta-taragany-1101915570.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/13/1100315931_58:0:2506:1836_1920x0_80_0_0_249e561b127ee8efe94c52436ea48168.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, кат, териштирүү, сот, марлен маматалиев
кыргызстан, жогорку кеңеш, кат, териштирүү, сот, марлен маматалиев
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңешке "75чилердин каты" атайын буйрук менен келген. Бул тууралуу парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев айтты.
Спикер ЖКга каттын кандай келгени боюнча толук маалымат ИИМге өткөрүлгөнүн, чечимди сот кабыл аларын айтты.
"Кат, чынында, келген, аны бул жактан күтүп алышкан. Бул жактагы кызматкерге "күтүп тур" деген буйрук түшкөн. "Мурдагы төрага Шакиевдин атына каттайсың" деп айтышкан", — деди Маматалиев.
Ал ошондой эле кат толугу менен Нурланбек Тургунбек уулу менен макулдашылып, кийин анын орун басарына жөнөтүлүп, андан ары комитетке түшүрүлгөнүн кошумчалады.
"Билбей калдым, көрбөй калдым дегендер... Баары билген. Ал каттын багыты орто жолдо бузулуп кетти да, бузулбаганда эмне болот эле? Президенттик шайлоону эртерээк кылам деген ниет болгондур. Ага чейин коомчулукту даярдап жатканын билесиздер. Даярдык болуп жаткан", — деди төрага.
Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган мурдагы аткаминер, саясатчы жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Тургунбек уулуна кат жолдогон. Алар катында жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы айтылган.
Президент алардын кылыгын сынга алып, коомчулукка жик салууга аракет деп
айыптаган.
Кийин Маматалиев спикер болуп шайланган алгачкы күнү эле бул маселени териштиргенин
билдирген.