https://sputnik.kg/20260618/kelechek-stipendiyasy-tuzulot-1101952795.html
Өнөрлүү жаштарды чет жакта окутуу үчүн "Келечек" стипендиясын негиздөө сунушталды
Өнөрлүү жаштарды чет жакта окутуу үчүн "Келечек" стипендиясын негиздөө сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстанда маданият, искусство жана көркөм билим берүү тармагындагы адистерди даярдоо үчүн "Келечек" эл аралык мамлекеттик... 18.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-18T18:34+0600
2026-06-18T18:34+0600
2026-06-18T18:34+0600
кыргызстан
токтом долбоору
стипендия
окуу
өнөр
студент
https://sputnik.kg/img/07e9/05/16/1094151242_0:226:2048:1378_1920x0_80_0_0_1b39eec45cda5af06da550dc30455ad1.jpg
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстанда маданият, искусство жана көркөм билим берүү тармагындагы адистерди даярдоо үчүн "Келечек" эл аралык мамлекеттик стипендиясын түзүү демилгеленүүдө. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Жобого ылайык, стипендия музыкалык, театралдык, хореографиялык, көркөм сүрөт, кино өнөрү, музей иши, реставрация, маданият мекемелерин башкаруу жана башка чыгармачыл багыттар боюнча билим алуу, стажировка өтүү же квалификациясын жогорулатуу үчүн берилет. Талапкерлер чет өлкөдөгү окуу жайдан кабыл алынганын же расмий чакыруу алганын тастыкташы керек. Бирок мындай документтин болушу стипендия автоматтык түрдө берилет дегенди билдирбейт. Программа бюджеттен каржыланып, стипендия конкурстук негизде ыйгарылат. Ошол эле учурда чет өлкөгө тапшыруу, виза алуу, жашоо жана башка кошумча чыгымдар талапкерлердин мойнунда болот. Стипендия алгандар окуусун аяктагандан кийин өлкөгө кайтып келип, алган адистиги боюнча 1-5 жыл иштөөгө милдеттендирилет.
https://sputnik.kg/20260604/studentterge-mamleket-zhardam-beret-1101701947.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/16/1094151242_0:34:2048:1570_1920x0_80_0_0_0bf685ef69f547e86b95fb61d254a934.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, токтом долбоору, стипендия, окуу, өнөр, студент
кыргызстан, токтом долбоору, стипендия, окуу, өнөр, студент
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстанда маданият, искусство жана көркөм билим берүү тармагындагы адистерди даярдоо үчүн "Келечек" эл аралык мамлекеттик стипендиясын түзүү демилгеленүүдө. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Жобого ылайык, стипендия музыкалык, театралдык, хореографиялык, көркөм сүрөт, кино өнөрү, музей иши, реставрация, маданият мекемелерин башкаруу жана башка чыгармачыл багыттар боюнча билим алуу, стажировка өтүү же квалификациясын жогорулатуу үчүн берилет.
Талапкерлер чет өлкөдөгү окуу жайдан кабыл алынганын же расмий чакыруу алганын тастыкташы керек. Бирок мындай документтин болушу стипендия автоматтык түрдө берилет дегенди билдирбейт. Программа бюджеттен каржыланып, стипендия конкурстук негизде ыйгарылат.
Ошол эле учурда чет өлкөгө тапшыруу, виза алуу, жашоо жана башка кошумча чыгымдар талапкерлердин мойнунда болот.
Стипендия алгандар окуусун аяктагандан кийин өлкөгө кайтып келип, алган адистиги боюнча 1-5 жыл иштөөгө милдеттендирилет.