https://sputnik.kg/20260616/tereshkova-kosmosko-kantip-uchkan-1101910481.html
Валентина Терешкова космоско кантип учкан. Видео
Валентина Терешкова космоско кантип учкан. Видео
Sputnik Кыргызстан
Мындан туптуура 63 жыл мурда дал ушул күнү Валентина Терешкова аялдар арасынан алгачкы карлыгач болуп, космоско аттанган. Орбитада дээрлик үч сутка жүргөн... 16.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-16T20:15+0600
2026-06-16T20:15+0600
2026-06-16T20:15+0600
ссср
валентина терешкова
космос
жер
сыноо
байкоңур
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/06/10/1101909470_0:116:1188:784_1920x0_80_0_0_3571e7bc616d75f40f983058d9ae8df6.jpg
Валентина Терешкова — космоско өзү учуп барып келген жалгыз аял. Кийинкилеринде космонавт жана астронавт аялдар экипаж мүчөсү катары учушкан. Жылдыздарга сапар оңой болгон эмес. Космоско учууну дегдеген жүздөгөн кыз-келиндердин ичинен бешөө тандалат. Кыздарды центрифугага салып айлантып, камерада 70 градус ысыкта жана бир нече күндөп жымжырттыкта кармашкан. Терешкова он күн жалгыз отурган. Кийин эскерүүсүндө ошол күндөрү Николай Некрасовду, Александр Пушкинди жана чыгармаларын жакшы көргөн Михаил Лермонтовду окуганын айтып берген жайы бар. Космостогу сапар үч күнгө созулган. Жерди 48 жолу айланып чыккан учурда Терешкова борттук журналды эле кылдаттык менен жүргүзбөстөн, бүтүндөй экспедицияны сактап калган. Тагыраагы, кеменин автоматташтырылган системасынан ката таап алат... "Бул кеме орбитага чыкканда болду. Жерге кайра кайтып келе албастыгымды байкап калдым. Себеби кеме орбитадан төмөндөп, Жерди көздөй эмес, тескерисинче, өйдөлөп, жогору карай багыт ала баштаптыр", — деп эскерген ал көп жылдардан кийин. Валентина Жерден жаңы маалыматтарды убагында алып, аларды системага киргизген жана өз планетасына аман-эсен кайтып келген. Чоочун жерде кыйын эле болгон. Тишти жууй албайсың, каткан нан жана тар скафандр. Бирок баарын иллюминатордогу көрүнүш жууп кеткен. "Биздин Жер планетабыздын канчалык назик, морт жана кичинекей экенин көрсөңөр..." — деп эскерген космонавт айым. Жогоруда белгилеп кеткендей, "Восток-6" азыркы күнгө чейин аялдардын жалкы учкан жападан жалгыз миссиясы болуп эсептелип келет. СССРден кийин аял киши 19 жылдан кийин учкан. Ал Светлана Савицкая болду.
ссср
байкоңур
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/10/1101909470_0:5:1188:896_1920x0_80_0_0_0513d8d696a492a84d9778ec9963f8cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, валентина терешкова, космос, жер, сыноо, байкоңур, видео, видео
ссср, валентина терешкова, космос, жер, сыноо, байкоңур, видео, видео
Валентина Терешкова космоско кантип учкан. Видео
Мындан туптуура 63 жыл мурда дал ушул күнү Валентина Терешкова аялдар арасынан алгачкы карлыгач болуп, космоско аттанган. Орбитада дээрлик үч сутка жүргөн космонавттын "Восток-6" кемеси Жерди үч ирет айланып чыгууга жетишет.
Валентина Терешкова — космоско өзү учуп барып келген жалгыз аял. Кийинкилеринде космонавт жана астронавт аялдар экипаж мүчөсү катары учушкан.
Жылдыздарга сапар оңой болгон эмес. Космоско учууну дегдеген жүздөгөн кыз-келиндердин ичинен бешөө тандалат. Кыздарды центрифугага салып айлантып, камерада 70 градус ысыкта жана бир нече күндөп жымжырттыкта кармашкан. Терешкова он күн жалгыз отурган. Кийин эскерүүсүндө ошол күндөрү Николай Некрасовду, Александр Пушкинди жана чыгармаларын жакшы көргөн Михаил Лермонтовду окуганын айтып берген жайы бар.
Космостогу сапар үч күнгө созулган. Жерди 48 жолу айланып чыккан учурда Терешкова борттук журналды эле кылдаттык менен жүргүзбөстөн, бүтүндөй экспедицияны сактап калган. Тагыраагы, кеменин автоматташтырылган системасынан ката таап алат...
"Бул кеме орбитага чыкканда болду. Жерге кайра кайтып келе албастыгымды байкап калдым. Себеби кеме орбитадан төмөндөп, Жерди көздөй эмес, тескерисинче, өйдөлөп, жогору карай багыт ала баштаптыр", — деп эскерген ал көп жылдардан кийин. Валентина Жерден жаңы маалыматтарды убагында алып, аларды системага киргизген жана өз планетасына аман-эсен кайтып келген.
Чоочун жерде кыйын эле болгон. Тишти жууй албайсың, каткан нан жана тар скафандр. Бирок баарын иллюминатордогу көрүнүш жууп кеткен.
"Биздин Жер планетабыздын канчалык назик, морт жана кичинекей экенин көрсөңөр..." — деп эскерген космонавт айым.
Жогоруда белгилеп кеткендей, "Восток-6" азыркы күнгө чейин аялдардын жалкы учкан жападан жалгыз миссиясы болуп эсептелип келет. СССРден кийин аял киши 19 жылдан кийин учкан. Ал Светлана Савицкая болду.