https://sputnik.kg/20260616/formula-1ge-koopsuzduk-charalary-karalgan-1101907672.html
Кубатов: Ысык-Көлдөгү "Формула-1" үчүн экологиялык коопсуздук чаралары каралган
Кубатов: Ысык-Көлдөгү "Формула-1" үчүн экологиялык коопсуздук чаралары каралган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын алкагында күйүүчү май же мотор майы төгүлүп кеткен... 16.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-16T16:17+0600
2026-06-16T16:17+0600
2026-06-16T16:17+0600
кыргызстан
ысык-көл
формула-1
кайык
чемпионат
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0b/1101254119_0:81:3000:1769_1920x0_80_0_0_d0410aa11dd1612c05ee398c735ac8f1.jpg
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын алкагында күйүүчү май же мотор майы төгүлүп кеткен учурда анын кесепетин ыкчам жоюуга мүмкүндүк берген регламент иштелип чыккан. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул суудагы жарыш 1981-жылдан бери дүйнөнүн ири шаарларында жана маанилүү суу акваторияларында өткөрүлүп келет. Ал мелдештердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин көз карандысыз экологиялык компаниялар жана эксперттер баалаганын белгиледи. Мониторингдин алкагында суунун гана эмес, аба жана жээк тилкеси да изилденген. "Эл аралык суу-мотор спорту союзу иш-чараны өткөрүүгө 5 миллион доллар бөлүп жатат. Мелдешке 10 миңге жакын адам келери күтүлүүдө. Жарыш түз эфирден дүйнөнүн 120-150 өлкөсүндө көрсөтүлөт", — деди агенттиктин жетекчиси. Кубатов ошондой эле Ысык-Көлдүн Бает айылында курулуп жаткан атайын инфраструктура суудагы "Формула-1" үчүн гана эмес, биринчи кезекте аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатын көздөй турганын белгиледи. Анын алкагында эки чакырымдан ашуун жол салынып, жарыктандыруу орнотулууда, 1,5 миң чарчы метрлик унаа токтотмо курулуп жатат. Мындан тышкары, жээк тилкесинде парк уюштурулуп, пляж толугу менен реконструкцияланат. Белгилей кетсек, суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.
https://sputnik.kg/20260528/kajyk-zharyshy-kolgo-zyyan-keltirbejt-mamataliev-1101561034.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0b/1101254119_267:0:2734:1850_1920x0_80_0_0_858b8df0cf0fda18a42d4bd71bb82cc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, формула-1, кайык, чемпионат
кыргызстан, ысык-көл, формула-1, кайык, чемпионат
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын алкагында күйүүчү май же мотор майы төгүлүп кеткен учурда анын кесепетин ыкчам жоюуга мүмкүндүк берген регламент иштелип чыккан. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул суудагы жарыш 1981-жылдан бери дүйнөнүн ири шаарларында жана маанилүү суу акваторияларында өткөрүлүп келет.
"Ушул убакыт аралыгында 200дөн ашуун эл аралык мелдеш уюштурулган. Бирок бензиндин же мотор майынын төгүлүшүнө байланыштуу олуттуу учурлар катталган эмес", — деди Кубатов.
Ал мелдештердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин көз карандысыз экологиялык компаниялар жана эксперттер баалаганын белгиледи. Мониторингдин алкагында суунун гана эмес, аба жана жээк тилкеси да изилденген.
"Эл аралык суу-мотор спорту союзу иш-чараны өткөрүүгө 5 миллион доллар бөлүп жатат. Мелдешке 10 миңге жакын адам келери күтүлүүдө. Жарыш түз эфирден дүйнөнүн 120-150 өлкөсүндө көрсөтүлөт", — деди агенттиктин жетекчиси.
Кубатов ошондой эле Ысык-Көлдүн Бает айылында курулуп жаткан атайын инфраструктура суудагы "Формула-1" үчүн гана эмес, биринчи кезекте аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатын көздөй турганын белгиледи.
Анын алкагында эки чакырымдан ашуун жол салынып, жарыктандыруу орнотулууда, 1,5 миң чарчы метрлик унаа токтотмо курулуп жатат. Мындан тышкары, жээк тилкесинде парк уюштурулуп, пляж толугу менен
реконструкцияланат.
Белгилей кетсек, суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.