https://sputnik.kg/20260615/kamchybek-tashiev-sotko-keldi-1101881625.html
Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Видео
Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш... 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T10:30+0600
2026-06-15T10:30+0600
2026-06-15T10:32+0600
кыргызстан
бишкек
сот
камчыбек ташиев
кат
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101880911_115:0:1166:591_1920x0_80_0_0_39d509a63d2cbe671df6e00e38346626.jpg
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин Ташиев соттун имаратына унаа менен кирип-чыккандыктан жана жараяндар жабык өтүп жаткандыктан коомчулукка көрүнгөн эмес. Ал эми аны менен чогуу айыпталып жаткан айрым саясатчылар кыска комментарий берүүгө үлгүрүшкөн. Бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча соттук отурумдар 11-июнда ачык өтө турган болгон. Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча айыпталуучулардын арасында Ташиевден сырткары мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте. Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кине коюлуп, тергөө абагында жатышат.
https://sputnik.kg/20260605/bishkek-vicze-mer-zhamalbek-yrsaliev-aktoo-sot-1101737138.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101880911_246:0:1034:591_1920x0_80_0_0_db998be120f97a52bb63f002069269ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, сот, камчыбек ташиев, кат
кыргызстан, бишкек, сот, камчыбек ташиев, кат
Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Видео
10:30 15.06.2026 (Жаңыртылды: 10:32 15.06.2026) БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Буга чейин Ташиев соттун имаратына унаа менен кирип-чыккандыктан жана жараяндар жабык өтүп жаткандыктан коомчулукка көрүнгөн эмес.
Ал эми аны менен чогуу айыпталып жаткан айрым саясатчылар кыска комментарий берүүгө үлгүрүшкөн.
Бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча соттук отурумдар 11-июнда
ачык өтө турган болгон.
Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча айыпталуучулардын арасында Ташиевден сырткары мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кине коюлуп, тергөө абагында жатышат.