https://sputnik.kg/20260611/gimn-ozgorboy-kalyshy-mumkun-1101831334.html
Депутаттар гимнди өзгөртүү демилгесин токтотууга чакырышты
Депутаттар гимнди өзгөртүү демилгесин токтотууга чакырышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. 11.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-11T15:35+0600
2026-06-11T15:35+0600
2026-06-11T15:35+0600
кыргызстан
гимн
жогорку кеңеш
демилге
комиссия
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096226721_0:62:1701:1019_1920x0_80_0_0_de77746b805956edcadae72a6d72de61.jpg
БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сунуш кылган. Анда жаңы гимнди жалпы элдик сынак аркылуу эмес, мамлекеттик тапшырыктын негизинде тандоо жана комиссиянын иш мөөнөтүн 1-июндан 1-декабрга чейин узартуу каралган. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунушташты. Андан соң депутат Гүлнара Акимбаева маселени кошумча иштеп чыгып, кайрадан даярдап келүү зарылдыгын белгиледи. Ал документти күн тартибинен алып салууну сунуштап, бул демилгени депутаттар колдоду. Эске салсак, буга чейин жаңы гимнди тандоо боюнча жарыяланган сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да жактырган эмес.
https://sputnik.kg/20260424/gimndi-tandoogo-komissiya-tuzuldu-1100971546.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096226721_131:0:1571:1080_1920x0_80_0_0_5f517c511bf02415c049f201b8eb47e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, гимн, жогорку кеңеш, демилге, комиссия
кыргызстан, гимн, жогорку кеңеш, демилге, комиссия
Депутаттар гимнди өзгөртүү демилгесин токтотууга чакырышты
БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды.
Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сунуш кылган. Анда жаңы гимнди жалпы элдик сынак аркылуу эмес, мамлекеттик тапшырыктын негизинде тандоо жана комиссиянын иш мөөнөтүн 1-июндан 1-декабрга чейин узартуу каралган.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунушташты. Андан соң депутат Гүлнара Акимбаева маселени кошумча иштеп чыгып, кайрадан даярдап келүү зарылдыгын белгиледи. Ал документти күн тартибинен алып салууну сунуштап, бул демилгени депутаттар колдоду.
Эске салсак, буга чейин жаңы гимнди тандоо боюнча жарыяланган сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да жактырган эмес.