https://sputnik.kg/20260605/aksh-germaniyaga-tomahawk-berbejt-1101717639.html
АКШ Россиянын жообунан кооптонуп Германияга Tomahawk берүүдөн баш тартмакчы
АКШ Россиянын жообунан кооптонуп Германияга Tomahawk берүүдөн баш тартмакчы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Пентагон Россиянын жообунан кооптонуп Германияга Tomahawk жеткирүүдөн баш тартышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Politico европалык жана... 05.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-05T09:32+0600
2026-06-05T09:32+0600
2026-06-05T09:43+0600
дүйнөдө
акш
германия
европа
россия
иран
ракета
жооп
запас
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/07/1049934167_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_739f237998308c90a6e2090c932bb931.jpg
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Пентагон Россиянын жообунан кооптонуп Германияга Tomahawk жеткирүүдөн баш тартышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Politico европалык жана америкалык аткаминерлерге таянып жазганын РИА Новости кабарлады. Маалымат бергендердин айтымында, Россиянын жообунан да кооптонуу күч. Бул АКШнын Иран менен тирешүүсүнөн улам ракеталык арсеналынын азайышына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле быйыл жазында АКШ Германияга 5 миң аскер жөнөтүүдөн баш тартканы белгиленген. Басылма Берлин АКШнын Европадагы аскер күчү азайып, мындан улам ЕБ коргонуу жаатындагы боштукту тез арада толтурууга аргасыз болушу мүмкүн экендигине санаа тартып жатканын жазды. Пентагондун расмий өкүлү Шон Парнелл 2-май күнү РИА Новостиге АКШ Германиядан 5 миң аскерин чыгарып кетүүнү көздөп жатканын тастыктаган. Үч жумадан кийин президент Дональд Трамп Польшага кошумча 5 миң аскер жөнөтөрүн жар салды. Эскерте кетсек, мартта New York Times гезити Иран менен жаңжалдашкандан бери АКШ Tomahawk ракетасынын он жылдык нормасын чыгарып, эки жылда өндүрүлө турган Patriot системасына керектелүүчү ракеталарды пайдаланып, запасты түгөткөнүн жазган.
https://sputnik.kg/20260601/rossiyaga-zhasalgan-chabuuldardy-batyshtyn-koldop-zhatyshy-1101629165.html
акш
германия
европа
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/07/1049934167_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_2ea69c322e2fb4fd215d8fdd1e147e20.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, германия, европа, россия, иран, ракета, жооп, запас
дүйнөдө, акш, германия, европа, россия, иран, ракета, жооп, запас
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Пентагон Россиянын жообунан кооптонуп Германияга Tomahawk жеткирүүдөн баш тартышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Politico европалык жана америкалык аткаминерлерге таянып жазганын
РИА Новости кабарлады.
"Пентагон Германияга Tomahawk ракеталарын берүү ниетинен баш тартчудай. Аткаминерлер эгер ракета жөнөтүлсө Россия муну абалды курчутуу катары кабыл алышы ыктымал деп жүрөксүп жатышат", — деп жазылат макалада.
Маалымат бергендердин айтымында, Россиянын жообунан да кооптонуу күч. Бул АКШнын Иран менен тирешүүсүнөн улам ракеталык арсеналынын азайышына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле быйыл жазында АКШ Германияга 5 миң аскер жөнөтүүдөн баш тартканы белгиленген.
Басылма Берлин АКШнын Европадагы аскер күчү азайып, мындан улам ЕБ коргонуу жаатындагы боштукту тез арада толтурууга аргасыз болушу мүмкүн экендигине санаа тартып жатканын жазды.
Пентагондун расмий өкүлү Шон Парнелл 2-май күнү РИА Новостиге АКШ Германиядан 5 миң аскерин чыгарып кетүүнү көздөп жатканын тастыктаган. Үч жумадан кийин президент Дональд Трамп Польшага кошумча 5 миң аскер жөнөтөрүн жар салды.
Эскерте кетсек, мартта New York Times гезити Иран менен жаңжалдашкандан бери АКШ Tomahawk ракетасынын он жылдык нормасын чыгарып, эки жылда өндүрүлө турган Patriot системасына керектелүүчү ракеталарды пайдаланып, запасты түгөткөнүн жазган.