Кыргызстанда 13 медициналык окуу жай аккредитациядан өтпөй калды. Тизме

© Sputnik / Александр Кондратюк
/ Жазылуу
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 13 медициналык жогорку окуу жайы мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
"Авиценна" эл аралык медицина университети;
АДАМ университети;
Роэль Метрополитен университети;
Альтамими эл аралык университети;
"Ала-Тоо" эл аралык университети;
Эл аралык медицина университети;
Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;
Салымбеков университети;
Евразия эл аралык университети;
Бишкек эл аралык медициналык институту;
Медицина жана илим эл аралык университети;
Борбордук Азия эл аралык медицина университети;
Ош эл аралык медицина университети.
Текшерүүдө окутуучулар курамы, клиникалык базалар жана материалдык-техникалык ресурстар негизги критерий болгону белгиленди.
Мындай реформа медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана бирдиктүү талаптарды киргизүү максатында президенттин саламаттык сактоо тармагына мамлекеттик монополия киргизүү жарлыгынын алкагында жүргүзүлдү.
