https://sputnik.kg/20260603/peterburgdagy-forumda-kyrgyzstandyn-stendi-achyldy-1101686954.html
Петербургдагы форум: Кыргызстандын стенди ачылып, комуз күүсү жаңырды. Видео
Петербургдагы форум: Кыргызстандын стенди ачылып, комуз күүсү жаңырды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунда биринчи ирет Кыргызстандын стенди коюлду. 03.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-03T18:22+0600
2026-06-03T18:22+0600
2026-06-03T18:22+0600
дүйнөдө
россия
кыргызстан
данияр амангелдиев
алена аршинова
https://sputnik.kg/img/07ea/06/03/1101684148_2:0:1367:768_1920x0_80_0_0_8e6b1646c0bb3a63353387e695c8ce13.png
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунда биринчи ирет Кыргызстандын стенди коюлду. Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул сыяктуу аянттар стратегиялык мамилелерди калыптандыруу жана бекемдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк боло турганын айтты. Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов Кыргызстан бүгүнкү күндө көптөгөн маселелер боюнча Россиянын эң жакын союздаштарынын бири экенин билдирди. Бул эң оболу экономика, ошондой эле коопсуздук, гуманитардык кызматташтык жана тарыхты сактоо маселелери экенин эстен чыгарбоо керектигин айтты. Мамдума депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова Кыргызстан бүгүнкү күндө ЕАЭБ биримдигинин алкагында гана эмес, өзүн башка уюмдарда да ишенимдүү көрсөтө алганын белгиледи. Петербург эл аралык экономикалык форуму 6-июнда аягына чыгат.
https://sputnik.kg/20260603/kyrgyzstan-gidroenergetika-investor-amangeldiyev-1101681360.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/03/1101684148_172:0:1196:768_1920x0_80_0_0_8fb2d44735f69405eb7c3f0f63dc0a89.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, кыргызстан, данияр амангелдиев, алена аршинова
дүйнөдө, россия, кыргызстан, данияр амангелдиев, алена аршинова
Петербургдагы форум: Кыргызстандын стенди ачылып, комуз күүсү жаңырды. Видео
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунда биринчи ирет Кыргызстандын стенди коюлду.
Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул сыяктуу аянттар стратегиялык мамилелерди калыптандыруу жана бекемдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк боло турганын айтты.
"ПЭЭФ бизге чоочун эмес. Ал — биздин экономика жана терең интеграция үчүн жакындата турган мүмкүнчүлүк. Жыл сайын байланыштарыбыз бекемдей бермекчи", — деди Амангелдиев.
Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов Кыргызстан бүгүнкү күндө көптөгөн маселелер боюнча Россиянын эң жакын союздаштарынын бири экенин билдирди. Бул эң оболу экономика, ошондой эле коопсуздук, гуманитардык кызматташтык жана тарыхты сактоо маселелери экенин эстен чыгарбоо керектигин айтты.
"Дал ушул себептен Кыргызстандын стенди форумдун ар бир катышуучусу үчүн абдан маанилүү. Биздин тыгыз интеграциябыз, биргелешкен долбоорлорубуз кандай майнап берип жатканын, ийиндеше туруп өнүгүп, алдыга жылып жатканыбызды ар бир адам билип, көрүшү керек. Мунун бардыгы бүгүн ушул стендде көрсөтүлгөн", — деди Чернышов.
Мамдума депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова Кыргызстан бүгүнкү күндө ЕАЭБ биримдигинин алкагында гана эмес, өзүн башка уюмдарда да ишенимдүү көрсөтө алганын белгиледи.
"Президенттерибиз Владимир Путин менен Садыр Жапаров достук мамилелерди чыңдап келишет. Салттуу баалуулуктарды, тарыхый алаканы, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарынын бекемделишине салымы чоң. Биздин милдет — аларга бул иште көмөктөшүү жана эки президенттин багыты менен бирге жүрүү. Бул жерде бирдиктүү орус-кыргыз командасы болуп иштеп жатабыз, бүгүнкү күндө Кыргызстан экономиканын, түпкүлүгүндө, ЕАЭБдин кыймылдаткыч күчү болуп жатканына кубанычтамын", — деп кошумчалады Аршинова.
Петербург эл аралык экономикалык форуму 6-июнда аягына чыгат.