Жапаров: Кыргызстан банк системасынын өнүгүүсүнүн жаңы этабына өттү
Жапаров: Кыргызстан банк системасынын өнүгүүсүнүн жаңы этабына өттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөө менен бирге "Элдик банктын" Бишкектин чок... 02.06.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөө менен бирге "Элдик банктын" Бишкектин чок ортосундагы жаңы имаратын ачты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ал мамлекет санариптик технологияларга, ачык-айкындуулукка жана инновацияларга негизделген заманбап каржы системасын түзүп жатат деп белгиледи. Кыргызстан инновациялык экономиканы өнүктүрүүнү, каржы системасын модернизациялоону, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну ырааттуу түрдө ишке ашырып жатканын белгилеген. Сөз болуп жаткан "Элдик банктын" капиталы 80 миллиард сомдон ашканына токтолгон. "Элдик банк" улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат. Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү", — деген президент. "Элдик банк" Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык капитал рынокторуна чыкканын белгилеген. Быйыл анын Лондон фондулук биржасында 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырганын кошумчалады. Бул эл аралык инвесторлордун банкка гана эмес, Кыргызстанга жана мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеними деген пикирин билдирген. "Дагы бир маанилүү жетишкендик катары "Элдик банктын" Жашыл климаттык фондунан аккредитациядан өткөндүгүн атасак болот. Бул Кыргызстан үчүн эл аралык климаттык каржылоого жана "жашыл" экономика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат", — деген мамлекет башчысы.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөө менен бирге "Элдик банктын" Бишкектин чок ортосундагы жаңы имаратын ачты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал мамлекет санариптик технологияларга, ачык-айкындуулукка жана инновацияларга негизделген заманбап каржы системасын түзүп жатат деп белгиледи.
Бүгүнкү күндө Элдик банк – өлкөнүн эң ири банктарынын бири. Ал – 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар каржы институту, мамлекеттин стратегиялык өнүгүү милдеттерин ишке ашыруучу банк.
Бүгүнкү күндө Элдик банк – өлкөнүн эң ири банктарынын бири. Ал – 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар каржы институту, мамлекеттин стратегиялык өнүгүү милдеттерин ишке ашыруучу банк.
"Мамлекетибиз банк системасынын өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштап жатат деп айтсак жаңылышпайбыз. Каржы системасы узак мөөнөттүү инвестициялардын, технологиялык жаңылануунун жана туруктуу өсүштүн булагы болуп калган жаңы экономикалык моделди ырааттуу түрдө түзүп жаткандыгын баса белгилеп кетейин. Бүгүнкү күндө санариптик трансформация — мамлекеттик саясатыбыздын негизги артыкчылыктарынын бири жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору", — деген Жапаров.
Кыргызстан инновациялык экономиканы өнүктүрүүнү, каржы системасын модернизациялоону, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну ырааттуу түрдө ишке ашырып жатканын белгилеген.
Сөз болуп жаткан "Элдик банктын" капиталы 80 миллиард сомдон ашканына токтолгон.
"Элдик банк" улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат. Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү", — деген президент.
"Элдик банк" Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык капитал рынокторуна чыкканын белгилеген. Быйыл анын Лондон фондулук биржасында 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырганын кошумчалады.
Бул эл аралык инвесторлордун банкка гана эмес, Кыргызстанга жана мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеними деген пикирин билдирген.
"Дагы бир маанилүү жетишкендик катары "Элдик банктын" Жашыл климаттык фондунан аккредитациядан өткөндүгүн атасак болот. Бул Кыргызстан үчүн эл аралык климаттык каржылоого жана "жашыл" экономика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат", — деген мамлекет башчысы.