https://sputnik.kg/20260602/tramp-izraildin-premeri-netanyakhuga-zhaaldanyp-tildegen-1101647733.html
"Жакшылыкты билбейт". Израилдин премьери Нетаньяху Трамптан тил укту
"Жакшылыкты билбейт". Израилдин премьери Нетаньяху Трамптан тил укту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп жатканда жаалданып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну катуу... 02.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-02T09:59+0600
2026-06-02T09:59+0600
2026-06-02T09:59+0600
дүйнөдө
акш
израиль
иран
ливан
дональд трамп
биньямин нетаньяху
ачуулануу
тилдөө
https://sputnik.kg/img/07ea/03/15/1100340837_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_f848c33c80caed4d742fd27ddad6c5f1.jpg
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп жатканда жаалданып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну катуу тилдеген. Бул туурасында Axios порталы жазды. Порталдын маалыматына таянсак, Ак үйдүн кожоюну абдан ачууланып, кыйкырганга чейин жетип, анын ойлонбой жасап жаткан иштерин көзгө сайып көрсөткөн. Мындан сырткары, Трамп Нетаньяху боюнча көптөн бери жүрүп жаткан соттук иштерди эске салган. "Мен болбосом түрмөдө отурмаксың. Азыр бардыгы сени жек көрөт. Сенден улам бардыгына Израиль жаман көрүнүп жатат", — деген ал. Мындан тышкары, Ак үйдүн кожоюну Нетаньяху Ливан менен болгон жаңжалды аша чаап курчутуп жатат деген пикирде экенин жазышты. Ошондой эле аталган өлкөдө адамдардын өлүп жатканы аны түйшөлткөнү да айтылган. Буга чейин Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф эгер Тель-Авив Ливанга каршы согуштук аракеттерин улантса, Тегеран АКШ менен диалогду токтотуп, Израилге каршы чара көрөрүн билдирген. Ага жооп кылган Трамп Иран менен сүйлөшүү уланып жаткандыгын айткан. АКШ лидери Нетаньяху жана "Хезболланын" өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин бул тараптардын ок атышууну токтотуу ниети бар экенин жар салды.
https://sputnik.kg/20260523/aksh-izraildi-iran-boyuncha-sujloshuulordon-chettetti-1101483840.html
акш
израиль
иран
ливан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/15/1100340837_188:0:2919:2048_1920x0_80_0_0_909d915fe835313a6e68a8378845c0ff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, израиль, иран, ливан, дональд трамп, биньямин нетаньяху, ачуулануу, тилдөө
дүйнөдө, акш, израиль, иран, ливан, дональд трамп, биньямин нетаньяху, ачуулануу, тилдөө
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп жатканда жаалданып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну катуу тилдеген. Бул туурасында
Axios порталы жазды.
"Трамп аны "акылынан айнып калган" деп ачууланып, жакшылыкты билбейсиң деп тилдегенин эки адам айтып берди", — деп жазган басылма.
Порталдын маалыматына таянсак, Ак үйдүн кожоюну абдан ачууланып, кыйкырганга чейин жетип, анын ойлонбой жасап жаткан иштерин көзгө сайып көрсөткөн.
Мындан сырткары, Трамп Нетаньяху боюнча көптөн бери жүрүп жаткан соттук иштерди эске салган.
"Мен болбосом түрмөдө отурмаксың. Азыр бардыгы сени жек көрөт. Сенден улам бардыгына Израиль жаман көрүнүп жатат", — деген ал.
Мындан тышкары, Ак үйдүн кожоюну Нетаньяху Ливан менен болгон жаңжалды аша чаап курчутуп жатат деген пикирде экенин жазышты. Ошондой эле аталган өлкөдө адамдардын өлүп жатканы аны түйшөлткөнү да айтылган.
Буга чейин Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф эгер Тель-Авив Ливанга каршы согуштук аракеттерин улантса, Тегеран АКШ менен диалогду токтотуп, Израилге каршы чара көрөрүн билдирген.
Ага жооп кылган Трамп Иран менен сүйлөшүү уланып жаткандыгын айткан. АКШ лидери Нетаньяху жана "Хезболланын" өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин бул тараптардын ок атышууну токтотуу ниети бар экенин жар салды.