https://sputnik.kg/20260530/iran-ormuz-boyuncha-rossiya-menen-kytajga-artykchylyk-beret-1101607104.html
Иран Ормуз боюнча Россия менен Кытайга өзгөчө шарт түзүп берерин айтты
Иран Ормуз боюнча Россия менен Кытайга өзгөчө шарт түзүп берерин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россия менен Кытай Ормуз кысыгынан өтүүдө өзгөчө шартка ээ болот. Бул тууралуу Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы... 30.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-30T12:35+0600
2026-05-30T12:35+0600
2026-05-31T12:43+0600
дүйнөдө
иран
россия
кытай
ормуз кысыгы
макулдашуу
кеме
соода
https://sputnik.kg/img/07e7/07/04/1076780802_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_7e1a262961431be393eed13b6d584f46.jpg
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россия менен Кытай Ормуз кысыгынан өтүүдө өзгөчө шартка ээ болот. Бул тууралуу Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин жетекчиси Эбрахим Азизи РИА Новостиге билдирди. Маектеш Москва менен Пекин Тегеранды дайым колдоп, кызматташып, оор учурда жанында болуп келгенин белгилеген. Мындан улам, Азизинин айтымында, эки мамлекет өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Парламентарий бул соода кемелерине да, танкерлерге да тийиштүү экенин кошумчалады. "Ормуз биз үчүн чоң геосаясий мааниге ээ. Кысык — географиябыздын бир бөлүгү, андыктан Иран ал боюнча туура деп эсептеген каалаган чечимин кабыл алууга укуктуу. Бул укуктан эч ким күмөн санай албайт", — деди комитет жетекчиси. Ормуз кысыгы — дүйнөлүк мунай соодасынын маанилүү багыттарынын бири. Тегеран АКШ менен Израилдин кол салуусунан кийин аны бөгөттөп салган. Натыйжада мамлекеттердин көбүндө күйүүчү май менен өнөр жай продукциясы кымбаттап жатат. Кысыкты ачуу — АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон макулдашуунун кызуу талкууланып жаткан бөлүгү.
https://sputnik.kg/20260530/dujnoluk-uyumdar-munaj-tartysh-bolorun-ehskertishti-1101606279.html
иран
кытай
ормуз кысыгы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/04/1076780802_296:0:3027:2048_1920x0_80_0_0_3c548afe14cdc445caa1eb87b4d7afed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, россия, кытай, ормуз кысыгы, макулдашуу, кеме, соода
дүйнөдө, иран, россия, кытай, ормуз кысыгы, макулдашуу, кеме, соода
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россия менен Кытай Ормуз кысыгынан өтүүдө өзгөчө шартка ээ болот. Бул тууралуу Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин жетекчиси Эбрахим Азизи
РИА Новостиге билдирди.
"Россия менен Кытай башында турган стратегиялык маанидеги мамлекеттер мындан ары да Ормуз кысыгына байланыштуу маселеде артыкчылыкка ээ болушат", — деди ал.
Маектеш Москва менен Пекин Тегеранды дайым колдоп, кызматташып, оор учурда жанында болуп келгенин белгилеген. Мындан улам, Азизинин айтымында, эки мамлекет өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Парламентарий бул соода кемелерине да, танкерлерге да тийиштүү экенин кошумчалады.
"Ормуз биз үчүн чоң геосаясий мааниге ээ. Кысык — географиябыздын бир бөлүгү, андыктан Иран ал боюнча туура деп эсептеген каалаган чечимин кабыл алууга укуктуу. Бул укуктан эч ким күмөн санай албайт", — деди комитет жетекчиси.
Ормуз кысыгы — дүйнөлүк мунай соодасынын маанилүү багыттарынын бири. Тегеран АКШ менен Израилдин кол салуусунан кийин аны бөгөттөп салган. Натыйжада мамлекеттердин көбүндө күйүүчү май менен өнөр жай продукциясы кымбаттап жатат.
Кысыкты ачуу — АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон макулдашуунун кызуу талкууланып жаткан бөлүгү.