https://sputnik.kg/20260529/nyu-yorkto-korgozmo-achyldy-1101582084.html
Нью-Йоркто советтик маалымат бюросунун 85 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Сүрөт
Нью-Йоркто советтик маалымат бюросунун 85 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. "85 жылдык Совинформбюро. Жандуу тарых. Тасмага түшкөн доор" аттуу көргөзмө Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында ачылды. 29.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-29T09:55+0600
2026-05-29T09:55+0600
2026-05-29T10:06+0600
дүйнөдө
россия
совинформбюро
тарых
тасма
көргөзмө
буу
экспонат
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101579888_0:52:1024:628_1920x0_80_0_0_03cd023c260c70b08d9ecbc0f8df314d.jpg
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. "85 жылдык Совинформбюро. Жандуу тарых. Тасмага түшкөн доор" аттуу көргөзмө Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында ачылды. Экспозицияда РИА Новости архивинен 1940-жылдардан 2020-жылдарга чейин тартылган тарыхый 30 сүрөт коюлган. Алардын арасында Сталинград салгылашы, 1945-жылдагы Жеңиш парады, Юрий Гагариндин биринчи космоско учушу, Москва, Сочи жана Милан Олимпиадалары, ошондой эле тынчтык орнотуучу күчтөрдүн ишмердиги, дүйнөлүк лидерлердин жолугушуулары чагылдырылган кадрлар бар. Көргөзмөдө атактуу фотографтардын, анын ичинде согуш мезгилиндеги фотокабарчылардын эмгектерин көрүүгө болот. Экспозицияга Георгий Зельма, Евгений Халдей, Владимир Гребнев, Михаил Озерский, Игорь Костин жана башка белгилүү фотожурналисттердин эмгектери кирген. Экспозициянын өзгөчөлүгү — мультимедиалык бөлүк. Анын жардамы менен тарыхый кадрлар "жанданып", көрүүчүлөр жөн гана сүрөттөрдү эмес, кыймылды, эмоцияны жана ракурстардын өзгөрүшүн да көрө алышат. Ошентип, өткөн доордун ирмемдери жандуу көрүнүшкө айланат. Бул материалдар 1941-жылы түзүлгөн Совинформбюронун тарыхы менен тыгыз байланышта. Кийинчерээк ал "Новости" маалымат агенттигине (APN), андан кийин РИА Новостиге айланган. Анын салтын учурда "Россия сегодня" медиатобу улантып келет. 85 жыл ичинде топтолгон архив көргөзмөнүн негизин түздү. БУУнун штаб-квартирасындагы көргөзмө — ири эл аралык долбоордун башталышы. 24-июнда легендалуу Советтик маалымат бюросунун мааракесинде башталып, алдыдагы күндөрү көргөзмө бир катар өлкөлөрдө онлайн жана салттуу туруктуу экспонат катары көрсөтүлөт.
https://sputnik.kg/20260423/kyrgyzstandyk-uz-cheberler-buuda-1100949833.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101579888_59:0:966:680_1920x0_80_0_0_7d305ceca558e3be9aa394d97f5356a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, совинформбюро, тарых, тасма, көргөзмө, буу, экспонат
дүйнөдө, россия, совинформбюро, тарых, тасма, көргөзмө, буу, экспонат
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. "85 жылдык Совинформбюро. Жандуу тарых. Тасмага түшкөн доор" аттуу көргөзмө Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында ачылды.
Экспозицияда РИА Новости архивинен 1940-жылдардан 2020-жылдарга чейин тартылган тарыхый 30 сүрөт коюлган. Алардын арасында Сталинград салгылашы, 1945-жылдагы Жеңиш парады, Юрий Гагариндин биринчи космоско учушу, Москва, Сочи жана Милан Олимпиадалары, ошондой эле тынчтык орнотуучу күчтөрдүн ишмердиги, дүйнөлүк лидерлердин жолугушуулары чагылдырылган кадрлар бар.
Көргөзмөдө атактуу фотографтардын, анын ичинде согуш мезгилиндеги фотокабарчылардын эмгектерин көрүүгө болот. Экспозицияга Георгий Зельма, Евгений Халдей, Владимир Гребнев, Михаил Озерский, Игорь Костин жана башка белгилүү фотожурналисттердин эмгектери кирген.
Экспозициянын өзгөчөлүгү — мультимедиалык бөлүк. Анын жардамы менен тарыхый кадрлар "жанданып", көрүүчүлөр жөн гана сүрөттөрдү эмес, кыймылды, эмоцияны жана ракурстардын өзгөрүшүн да көрө алышат. Ошентип, өткөн доордун ирмемдери жандуу көрүнүшкө айланат.
Бул материалдар 1941-жылы түзүлгөн Совинформбюронун тарыхы менен тыгыз байланышта. Кийинчерээк ал "Новости" маалымат агенттигине (APN), андан кийин РИА Новостиге айланган. Анын салтын учурда "Россия сегодня" медиатобу улантып келет. 85 жыл ичинде топтолгон архив көргөзмөнүн негизин түздү.
"Биз үчүн бул мурасты урматтоо абдан маанилүү. Бул көргөзмө — фотожурналистиканын ардагерлерине болгон таазим гана эмес, көрүүчүлөргө чынчыл, таасирдүү жана терең репортаж салты бүгүн да жашап жатканын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Биз бул кадрларды дүйнөлүк коомчулукка тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө сыймыктанабыз", — деп белгиледи "Россия сегодня" медиатобунун директорунун орун басары Дмитрий Горностаев.
БУУнун штаб-квартирасындагы көргөзмө — ири эл аралык долбоордун башталышы. 24-июнда легендалуу Советтик маалымат бюросунун мааракесинде башталып, алдыдагы күндөрү көргөзмө бир катар өлкөлөрдө онлайн жана салттуу туруктуу экспонат катары көрсөтүлөт.