https://sputnik.kg/20260529/kulubayev-nyu-yorktogu-zhiyynda-suylodu-1101588406.html
Кулубаев: геосаясий чыңалуу күчөп жатканда БУУ Коопсуздук кеңешин реформалоосу зарыл
Кулубаев: геосаясий чыңалуу күчөп жатканда БУУ Коопсуздук кеңешин реформалоосу зарыл
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо зарылдыгын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто өткөн глобалдык башкаруу боюнча... 29.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-29T13:20+0600
2026-05-29T13:20+0600
2026-05-29T13:20+0600
кыргызстан
буу
геосаясат
жыйын
реформа
жаңжал
жээнбек кулубаев
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272629_0:190:3031:1895_1920x0_80_0_0_077356271156760c7b843e79f63a0cdf.jpg
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо зарылдыгын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто өткөн глобалдык башкаруу боюнча тилектеш мамлекеттер тобунун жыйынында билдирди. Дипломат геосаясий чыңалуулар күч алып, жаңжалдар көбөйүп жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирүүгө чакырды. Кулубаев эл аралык укукка, мамлекеттердин эгемендүү тең укуктуулугуна жана ички иштерине кийлигишпөө принциптерине негизделген БУУнун ролун күчөтүүнү жактады. Ошондой эле Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Министр Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөткөнүн эске салды. Анын айтымында, бул макам өлкөгө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, жаңжалдарды алдын алууга жана террорчулук, трансулуттук кылмыштуулук, киберкоркунучтар, климаттын өзгөрүшү жана эпидемия сыяктуу коркунучтарга каршы күрөшкө салым кошууга мүмкүндүк берет.
https://sputnik.kg/20260527/kulubaev-buunun-koopsuzduk-keneshinin-achyk-debattarynda-sujlodu-1101543528.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272629_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_e67fc30027a1e8c025d999abcddbbc9c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, буу, геосаясат, жыйын, реформа, жаңжал, жээнбек кулубаев
кыргызстан, буу, геосаясат, жыйын, реформа, жаңжал, жээнбек кулубаев
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо зарылдыгын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто өткөн глобалдык башкаруу боюнча тилектеш мамлекеттер тобунун жыйынында билдирди.
Дипломат геосаясий чыңалуулар күч алып, жаңжалдар көбөйүп жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирүүгө чакырды. Кулубаев эл аралык укукка, мамлекеттердин эгемендүү тең укуктуулугуна жана ички иштерине кийлигишпөө принциптерине негизделген БУУнун ролун күчөтүүнү жактады.
Ошондой эле Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Министр Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөткөнүн эске салды.
Анын айтымында, бул макам өлкөгө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, жаңжалдарды алдын алууга жана террорчулук, трансулуттук кылмыштуулук, киберкоркунучтар, климаттын өзгөрүшү жана эпидемия сыяктуу коркунучтарга каршы күрөшкө салым кошууга мүмкүндүк берет.