https://sputnik.kg/20260526/zhaparov-iran-prezidenti-menen-telefondo-baarlashty-1101534409.html
Жапаров Иран президенти Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү
Жапаров Иран президенти Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү
Sputnik Кыргызстан
Баарлашууну Иран тарап демилгелеген. 26.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-26T17:42+0600
2026-05-26T17:42+0600
2026-05-26T17:42+0600
кыргызстан
иран
садыр жапаров
масуд пезешкиан
сүйлөшүү
мамиле
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1a/1101534098_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_382b6f36f7f00d24daa1f71054079047.jpg
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров Иран президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет башчылары алдыдагы Курман айт майрамы менен бири-бирин куттуктап, эки элге тынчтык жана бакубатчылык каалашты. Мындан тышкары, Жапаров аймактагы кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун калыбына келишине үмүт артарын билдирди. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки өлкөнүн достук мамилесин мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын ырасташты.
https://sputnik.kg/20260526/zhkku-kiyyn-kyrdaaldarda-ish-alyp-bargan-sistemasyn-zhakshyrtyshy-kerek-1101531223.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1a/1101534098_161:0:1121:720_1920x0_80_0_0_2847c57b79e583e8fa4f661b04edcb69.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, иран, садыр жапаров, масуд пезешкиан, сүйлөшүү, мамиле
кыргызстан, иран, садыр жапаров, масуд пезешкиан, сүйлөшүү, мамиле
Жапаров Иран президенти Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү
Баарлашууну Иран тарап демилгелеген.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров Иран президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылары алдыдагы Курман айт майрамы менен бири-бирин куттуктап, эки элге тынчтык жана бакубатчылык каалашты.
"Иран тарап демилгелеген сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-иран кызматташтыгын кеңейтүү жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маселелери талкууланды. Өзгөчө Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы байланыштарга көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган өлкө катары уюмдун тынчтыкты, ишенимди жана конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуудагы ролун чыңдоого өзгөчө маани берерин айтты", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров аймактагы кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун калыбына келишине үмүт артарын билдирди.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки өлкөнүн достук мамилесин мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын ырасташты.