https://sputnik.kg/20260520/tramp-salyktyk-doomattardan-boshotuldu-1101430671.html
Юстиция министрлиги Трампты бала-чакасы менен салыктык дооматтардан бошотту
Юстиция министрлиги Трампты бала-чакасы менен салыктык дооматтардан бошотту
Sputnik Кыргызстан
Салыктык дооматтар — бул салык органдары тарабынан аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу салыктарды, туумдарды же айып пулдарды кошумча төлөө боюнча расмий... 20.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-20T15:29+0600
2026-05-20T15:29+0600
2026-05-20T15:29+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
салык
доомат
сот
https://sputnik.kg/img/07ea/02/16/1099869553_0:254:3072:1982_1920x0_80_0_0_efd0d827ec0fecafed920a25565d9c4d.jpg
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. АКШ бийлиги президент Дональд Трампты, үй-бүлөсүн жана аларга таандык компанияларды салыктык дооматтардын жана текшерүүнүн бардык түрүнөн бошотту. Бул тууралуу документ менен таанышып чыккан РИА Новости билдирди. Өлкө башчысы декларациясы ачыкталып кеткени үчүн Салык кызматына доо коюп, анын негизинде кылмыш иши козголгон эле. Чечим ошол иштин алкагындагы макулдашуунун негизинде кабыл алынып, Трамп 10 миллиарддык доосунан баш тартты. Андан ары бийлик салыктык доомат коюлбай тургандар менен мүмкүн болчу каржылык мүнөздөгү дооматтардын тизмесин берген. Кеп негизинен "доочу (Трамп — ред.), аны менен байланышы барлар (үй-бүлө мүчөлөрү — ред.), ишенимдүү адамдары, ата-энеси, бир туугандары жана аларга тиешелүү компаниялар" тууралуу болууда. Ошол эле макулдашуунун алкагында АКШнын Юстиция министрлиги экс-президент Жо Байдендин администрациясынан ыдык көргөн тараптарга кенемте төлөп берүү үчүн бийлигинен кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүү фонд түзүлгөнү маалым болду.
https://sputnik.kg/20260502/tramp-akshga-ebden-kirgen-avtounaalarga-salykty-kotordu-1101095067.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/16/1099869553_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_645300b86917471045d10efd93114d01.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, салык, доомат, сот
дүйнөдө, акш, дональд трамп, салык, доомат, сот
Юстиция министрлиги Трампты бала-чакасы менен салыктык дооматтардан бошотту
Салыктык дооматтар — бул салык органдары тарабынан аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу салыктарды, туумдарды же айып пулдарды кошумча төлөө боюнча расмий талаптар.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. АКШ бийлиги президент Дональд Трампты, үй-бүлөсүн жана аларга таандык компанияларды салыктык дооматтардын жана текшерүүнүн бардык түрүнөн бошотту. Бул тууралуу документ менен таанышып чыккан
РИА Новости билдирди.
Өлкө башчысы декларациясы ачыкталып кеткени үчүн Салык кызматына доо коюп, анын негизинде кылмыш иши козголгон эле. Чечим ошол иштин алкагындагы макулдашуунун негизинде кабыл алынып, Трамп 10 миллиарддык доосунан баш тартты.
"АКШ соттук териштирүүдөн жана ар кандай доомат коюу укугунан биротоло ажыратылды", — деп айтылат документте.
Андан ары бийлик салыктык доомат коюлбай тургандар менен мүмкүн болчу каржылык мүнөздөгү дооматтардын тизмесин берген. Кеп негизинен "доочу (Трамп — ред.), аны менен байланышы барлар (үй-бүлө мүчөлөрү — ред.), ишенимдүү адамдары, ата-энеси, бир туугандары жана аларга тиешелүү компаниялар" тууралуу болууда.
Ошол эле макулдашуунун алкагында АКШнын Юстиция министрлиги экс-президент Жо Байдендин администрациясынан ыдык көргөн тараптарга кенемте төлөп берүү үчүн бийлигинен кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүү фонд түзүлгөнү маалым болду.