00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
11:39
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас не оставили равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ден соолукка зыян келтирбей кантип арыктаса болот? Дарыгердин кеңеши
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Айтматовдун чыгармасынан шыктанган «Кассандра» тасмасы чоң экранда
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Микеланджело, Дали и «Подсолнухи» Ван Гога: самые громкие мистификации в истории искусства
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Улуттун келечегин калыптандырат". Жапаровдун Энелер күнүнө карата куттуктоосу

© Фото / пресс-служба президента КР Президент Садыр Жапаров жана эне
 Президент Садыр Жапаров жана эне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчынын куттуктоосун толугу менен жарыялайбыз.
"Ардактуу энелер! Кымбаттуу мекендештер! Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Кыргыз элинде байыртадан эле айтылып келе жаткан "эне – үйдүн куту" деген сөз – көчмөн элибиздин турмушунан, дүйнө таанымынан жана кылымдар бою калыбын бузбай, таасирин жазбай сакталып келаткан нарк-насилинен келип чыккан уңгулуу түшүнүк. Чындыгында эле, эне – өмүрдүн башаты, үй-бүлөнүн жүрөгү, тарбиянын туңгуч булагы!
Тээ байыркы жоокерчилик заман болобу, же бүгүнкү цивилизациялуу турмуш болобу, үй-бүлөнү камкордукка бөлөөгө аталар жооптуу болсо, үйдүн берекесин сактап, балдарды тарбиялап, улуттун учугун улоо энеге жүктөлгөн. Жарык дүйнөгө келген ар бир бала алгач эненин үнүн угат, анын мээримин туят, дүйнөнү ал аркылуу тааныйт. Эне тилин, адеп-ахлакты, улууну урматтоону, кичүүнү ызааттоону, боорукерликти жана адамгерчиликти энеден үйрөнөт.
Кыргыз энелери балдарын намыска сугарып, эл-жер, Мекен деген ыйык сезимдерге чөмүлтүп, эң башкысы, ата-бабалардан калган нарк-насилди боюна сиңирүү менен тарбия беришкен.
Энелерибиз таасын тарбия көргөн бала эртең эл эгеси, журт багары болорун эң жакшы түшүнүшкөн. Карт тарыхыбызда нечен-нечен эл баккан, журт кадырлаган эр-азаматтардын баатырдыгы, даанышмандыгы, чечендиги, жөн билгилиги аталар менен кошо энелер аркылуу да өткөндүгү тууралуу бир топ окуялар бүгүнкү күнгө чейин уламыш кепке айланып, айтылып келет.
Бүгүнкү күндө кыргыз энелери уул-кыздарды тарбиялап гана тим болбостон, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, илимде, маданиятта, ишкердикте жана мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип, коомубуздун таянычына айланган.
Ошондуктан кыргыз коомчулугу энени жөн гана бала төрөгөн аял эмес, үйдүн куту, тарбиянын башаты жана улуттун келечегин калыптандыруучу аты улук аялзаты катары жогору баалашат.
Ата-бабаларыбыздын жолун улап, эне болуу бактысына эгедер айымдардын баарын урматтап, кадырына жете билели.
Кадырлуу энелер!
Мекенин сүйгөн, элине ак ниеттен кызмат кылган муунду тарбиялап өстүргөн түйшүктүү эмгектен талбай, тарых алдындагы зор жоопкерчиликти татыктуу аркалап келе жатасыздар. Урпак тарбиялоо аркылуу улуттун келечегин түптөп, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын муундан муунга өткөрүп келе жаткан да – сиздерсиздер".
Президент Садыр Жапаров Жеңиш аянтындагы өткөн митинг-реквиемде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2026
Жапаров: Жеңиш аталарыбыздын, апаларыбыздын өмүрү менен келген, түбөлүк карызбыз
Жаңылыктар түрмөгү
0